Өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев УКМКда сурак берди

Өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиевди 22-мартта УКМКда суракка алышкан. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматты маалымдады.

Маалыматка ылайык, Момуналиев Бишкек ЖЭБдеги котлоагрегаттарды оңдоо жана 2017-2018-жылдагы жылытуу сезонуна карата оңдоо жана даярдык иштери үчүн бөлүнгөн ири суммадагы акча каражатын ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суралган.

Толуктай кетчүү жагдай, үстүбүздөгү жылдын март айынынын башында Момуналиев өз каалоосу менен өкмөттүн аппаратынын жетекчиси кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

Эскерте кетсек, 26-январдын кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылып, көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук берүү төмөндөп кеткен. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келген.