“Кентавр” тасмасы Бельгия жана Нидерландыда көрсөтө башташты

“Кентавр” тасмасы Бельгия жана Нидерландыда чоң экрандарда көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу кыргыз киносунун расмий сайтында маалымдалат.

20нан 24-мартка чейин “Кентавр” тасмасын Актан Арым Кубат Бельгия жана Нидерландыдагы көрүүчүлөргө Тюрнхаут жана Амстердамда тасма жүгүртүүгө чыкканга чейин көрсөтүп келген.

Эскерте кетсек, «Кентавр» тасмасы 2017-жылы Бельгияда өткөн эл аралык MOOOV кинофестивалына катышып, мыкты фильм катары КАНВАС байгесин алган.