“Дарыгердин көз карашы” деген реалити-шоу тартылат

Кыргызстандагы жаш догдурлардын биримдиги жана “KG дарыгерлер” уюму “Дарыгердин көз карашы” деп аталган реалити-шоу чыгарганы жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, авторлор Кыргызстандын медицина тармагында орчундуу көйгөйлөрдү алып чыгып, реалити-шоу оорунун алдын алууну калкка үйрөтүүгө багытталат.

 

Маалыматка караганда, биринчи сезондо 24 серия бир ай ичинде тартылат. Ар бир серия 17 мүнөттөн болуп, пластикалык хирург, стоматолог, гинеколог, психиатр, үй-бүлөлүк, хирург, жугуштуу оорулар дарыгерлеринин кеп-кеңештери камтылат.