Алаңгазар айдоочулардан эл тажап бүттү! же жаңыча айып пулдар аларды ооздуктайбы?

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Алаңгазар, жоопкерчиликсиз айдоочулардын айынан жылына өлкөбүздө миңге чукул адам жарык дүйнө менен кош айтышып, бир нече миң адам майып болууда. Тагыраак айтканда, жол кыймылынын коопсуздугун сактабаган өлкөлөрдүн баш сабында Кыргызстан турат.

Өткөн жылы коомчулук коңгуроо каккандан кийин да аталган тармакта алгылыктуу  деле  аракеттер  байкалбады. Коомчулуктун көзүнө көрүнүктүү деле иштер жасалбады. Ырас, айдоочуларга күбөлүк берүүчү  мекемелердин  иштерине  талаптар күчөтүлдү. Административдик кодеске өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Бирок жол эрежесин бузгандарды заманбап видеотехнологиялар менен көзөмөлдөө, МАИнин ишин жандандыруу, коомчулук менен байланышты күчөтүү дээрлик жокко эсе.

МАИлер болсо эски ыкма менен эле иштеп жатышат. Трассаларда оор жүктөрдү ташыган чоң автоунааларды тосуу менен алектенишет. Ал эми автоунаа кыймылы, жөө адамдардын кыймылы арбын жерлерди көзөмөлгө алып, алаңгазар сабатсыз, “наглый” айдоочуларды тескеп, жазалап койгон МАИ жок. Өгүнү Талас шаарындагы борбордук базардын тегерегинен МАИни көрүп таң калып, бир чети кубанган элек. Бирок бир эки күндөн кийин ал МАИчилер кайра жоголду.

Мүмкүн  өлкөнүн  жети  облусундагы МАИлерди ротациялоо керектир? Ошондо МАИлер “бармак басты, көз кысты” өң таанышка салып ишти эптемей, жөндөмөй, “чөнтөк толтурмай”кыйла азайып, тартипке келе түшмөктүр. Административдик кодекске киргизилип жаткан мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул долбоордогу эгер үч жолу жол эрежесин бузган айдоочу кайра окууга жиберилери көпчүлүк адамдарга абдан жагууда. Демек, ал айдоочу такыр эле сабатсыз дегенди билдирет.

Бирок спирт ичимдиктерин ичип руль башкаргандар 30 миң сомго чейин айып пул төлөй турганы талаш-тартышты жаратууда. Бул МАИ кызматкерлеринин тез баюусуна шарт түзөт деген пикирлери өтө арбын. Айдоочу 30 миң сом төлөгөнчө МАИге 15-20 миң сом пара берүүсү мүмкүн. Ошондо 10 -15 миң сом үнөмдөп калат. Жашырганда не, азыр спирт ичимдиктерин ичип кармалгандар 5 миң сом пара менен кутулушат. Ошондуктан МАИ кызматкерлеринин жашоолору тез, кескин жакшырып, жатканы жашыруун эмес. Өзгөчө ылдамдык эрежесин сактабагандардын айып пулдары көбөйүшү колдой турган иш.

Өткөн  аптада  Казакстандын  Тараз шаарына барып, көчөлөрдөгү, коомдук жайлардагы идеалдуу тазалыкты жол кыймылындагы темирдей тартипти көрүп арданып, ыза болуп келдик. Талас гана эмес республика борбору Бишкек баш болуп, Тараз шаарынан үлгү алса болчудай. Башкасын коёлу, таштандыны туш келди ыргытып, чимкиришип, түкүрүнүп, какырынганды тыюуну үйрөтө албадык, анан эт жегенибизге мактанабыз…