«Манас айылын» оңдоого инвестор керек!

А.АКИМБАЕВА


Бишкектин жогору жагындагы “Манас айылы” маданий этнокомплекси жакында Бишкек мэриясынын карамагына өтөт.

Учурда бул багытта иштер жүрүп жатканын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, этно-комплексти оңдоп-түзөө үчүн инвестор керек. “Кол өнөрчүлөр бизге берсеңер оңдоп, шаарча кылып алалы деп демилге көтөрүп жатышат. Бирок алар канчалык деңгээлде жасай алат, финансылык мүмкүнчүлүктөрү жетеби деген маселелер каралууда”, – дейт ал. А. Жаманкулов “Манас айылы” мэриянын карамагына өткөндөн кийин инвесторлорду издөөгө министрлик көмөктөшө турганын кошумчалады.

Эске  салсак,  “Манас  айылы”  комплекси Манас эпосунун 1000 жылдыгына  карата  1995-жылы  курулган.  Акыркы жолу 2010-жылы оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Учурда андагы курулуштар эскирип, каралбай калган.