Улуттук тарых музейине жаңы жетекчи келди

Улуттук тарых музейине жаңы директор болуп Кеңешбек Алмакүчүков дайындалды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Ал эми мурдагы жетекчи Анаркүл Исираилова директордун илимий иштер боюнча орун басары болуп иштемекчи. Белгилей кетсек, музейге жакында эле президенттин Жарлыгы менен «Улуттук музей» макамы ыйгарылган.

Кеңешбек Алмакүчүков 54 жашта. Доцент, экономика илимдеринин доктору.