Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Индия менен беттешет

Эртең, 27-мартта Бишкекте Кыргызстандын футбол курама командамасы менен  Индиянын курама командалары беттешет. Оюн келээрки жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына тандоо алкагында өтөт.

Беттеш  саат 20:00дө борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук стадиондо болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын командасы Мьянманын курама командасын 5:1 эсебинде жеңгенден кийин 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган.