Ак-Ордо-2 жаңы конушунда киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылды

Сокулукта киши колдуу болгон 25-30 жаштардагы аялдын сөөгү табылганын Чүй облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, сөөктүн табылганы боюнча маалымат Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 24-мартта күндүз келип түшкөн.

Ак-Ордо-2″ жаңы конушунда мыкаачылык болгон жерге Сокулук РИИБдин ыкчам тобу барган. Аялдын аты-жөнү такталууда. Аталган факты боюнча Сокулук райондук милициясы Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.