План, мамлекеттик заказ рынок экономикасына жат эмес

Биздин оюбузча азыркы тапта айыл чарбасынын «ачкычы» – бул пландаштыруу, мамлекеттикзаказ болушу керек. Ошондо ашыкча өндүрүү, дыйкандардын бөөдө күйүп кетүүсү өңдүүмаселелер болбойт эле. Кай бир учурларда дыйкан-фермерлер өндүргөн продуктыларын өзубагында сата албаганынын кесепетинен белгилүү бир бөлүгүн жоготуп коюуда. Ошондуктанмамлекеттик заказдын мааниси чоң, б.а. жыл башында мамлекет тарабынан аймактар боюнчаэмнени өндүрүп, эмнени сатуу керектиги аныкталуусу зарыл.

Азыр жердин 94%ы, малдын 90%ы жеке менчик болуп кеткен. Анан кантип которуштуруп айдоону киргизип, кантип малды асылдандырасың? Ким эмнени кааласа, ошону кылып жатат. Ошондуктан, майда чарбаларды ирилештирип, кооперативдерин уюштуруп, аларды  кызыктырып,  грантка  келген техникаларды, кредиттерди, үрөндү эң биринчи ошолорго берип, атайын мыйзам иштелип чыгып, ашыкча салык төлөбөсө алар өз ара ордун таап, айыл чарбасын мындан ары өркүндөтүүгө чоң салым кошор эле.

Ушул мезгилде дүйнө жүзүндө 600 млн. адамды бириктирген 1 миллионго жакын кооперативдердин 120дан ашык түрү бар. Ал эми Японияда, Данияда, Финляндияда, Норвегияда жана Швецияда айыл чарбасында кооперативдер 100%, Франция жана Германияда 80%ды түзөт. Бул кооперативдер негизинен айыл чарба продукцияларын өндүрүү, аларды кайра иштетүү, өндүрүштүк жактан тейлөө иштери менен алектенишет. Өзгөчө айыл чарба продукцияларын кайра иштеүүгө чоң маани берилет.

Жогоруда  көрсөтүлгөн  өлкөлөрдө  кооперативдерди  финансы жагынан камсыздоо негизинен үч жол менен жүргүзүлөт. Биринчиси:  кооперативдин мүчөлөрүнүн үлүштүк мүчөлүк акылары, экинчиси: алынган таза киреше чегерүүлөр, үчүнчүсү: насыя алуу менен. Кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө кооперативдерге техникалар  баасы  20%га  ылдыйлатылып, төмөн үстөктөрү менен  узак  мөөнөткө  берилип, жеңилдетилген салыктар колдонулат. Кай бир өлкөлөрдө кооперативдерди өнүктүрүү максатында салыктар да салынбайт. Мисал үчүн Италияны алалы. Ал өлкөдө айыл чарбасын өнүктүрүү максатында техникалар төмөндөгүдөй тартипте кредитке берилет: техника 15 жылга негизги баасы 20%га төмөндөтүлүү менен төмөн үстөк менен берилет. Ал эми биздин өлкөдө тескерисинче. Алсак, Кытайдын “УТО–90” трактору 20-22 миң доллар турат. Аны сатып алуу үчүн анын баасынын 20%ын же 4400 доллар төлөп, эгер 7 жылга берилсе, жыл сайын 2514 доллар, же 156000 сом же айына 13000 сомдон төлөө керек. Мынчалык акчаны төлөш бардык эле дыйкандын колунан келе бербейт.

Кыскартып  айтканда,  жер жана агрардык реформаны турмушка ашыруу максатында кооперативдерди түзүү жана аларды өнүктүрүү айыл жеринде чоң ийгиликтерди жаратарында шек жок. Андай болбогондо жерди которуштуруп  айдоо  жоктугунан жер арыктап, жер семирткич, уу заттар колдонулбагандыктан, өзгөчө суу тартыштыгынан көптөгөн аянттар “кысыр” калып, түшүмдүүлүк төмөндөйт. Маселен, Ысык-Көл облусу боюнча пайдаланылбай калган жерлердин аянты 2013-жылы 14479 га болсо, 2014-жылы 14311 га.ны түзүп, 168 гектарга азайган же жалпы ал-ганда ар гектардан минимум 10 центнер буудай алганда 1 млн. 430 миң сом акча каражаты алынбай калгандыгын түшүндүрөт.

Айыл чарбасында кооперативдерди уюштуруунун артыкчылыгы эмнеде деген суроо туулушу мүмкүн. Биринчиден, эгерде кооперативге жер үлүштөрү бир эле массивде турган жарандар бириксе, которуштуруп айдоо маселеси чечилмек. Экинчиден, жаз келип, ар бир үй-бүлө ээси айдатып, сепкенге техника, ошондой эле үрөн, жер семирткич, майлоочу майларды ж.б. издей баштайт да, эптеп айдап себет. Натыйжада, бир эле массивдеги аянт ар башка мөөнөттө айдалып, себилгендиктен, кийин ар башка мөөнөттө бышып жетилет да, аны оруп жыюуда көптөгөн кыйынчылыктар жаралат. Үчүнчүдөн, бардык эле дыйкандардын техниканы кредитке алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошондуктан,  чет  элдик  гранттарды, техникалык-материалдык кредиттерди алыш үчүн майда, өз алдынча мүмкүнчүлүктөрү жок үй-бүлөлөр, дыйкан жана фермердик чарбалар биригишип, айыл чарба кооперативдерди уюштурганда гана чоң утушка жетишеринде шек жок.

Белгилей  кетүүчү  жагдай: башта  айыл  чарба  кооперативдери алынган таза кирешенин 50%ын жана кошумча нарк төлөбөсө, бүгүнкү күнү алар алынып салынып, бир аз жеңилдиктер  каралган. Бул күндөрү кооператив-дер иштеп тапкан эмгек акыларынан 10% киреше салыгын жана жер салыгын  төлөшөт. Ошондой болсо да, тиешелүү  министрликтер айыл чарба кооперативдерди уюштуруу  ж.б.  боюнча реалдуу жоболорду жана мыйзамдарды иштеп чыгуулары зарыл.

Республикада калкыбыздын 70%га жакыны айыл аймагында жайгашкандыктан, калкыбызды азык-түлүктөр менен камсыз кылуу айыл чарбасына көз каранды. Бүгүнкү күндөгү айыл чарбасындагы көйгөйлүү маселелердин бири – дыйкандардын жыл ичинде  толгон-токой  эмгек  менен өндүргөн продукциялары ортомчулар аркылуу арзан баада сатылып алынып, башка региондорго, шаарларга кымбат баада сатылып жатат. Ошондуктан, азыркы өткөөл мезгилде дыйкандар-га ар тараптан колдоо көрсөтүп, дыйкандардан макулдашылган баада ортомчуларсыз мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу зарыл.

Ушул учурда айыл чарба продукцияларынын өсүшү али да болсо ички рынокту толук канааттандыра албай жатат. Бул өндүрүштү жүргүзүүнүн талапка ылайык ыкмаларын жетишсиз колдонуудан болууда. Анткени, өндүрүш артта калган технология менен эскирген техникага негизделген. Андан тышкары, өсүмдүктөрдү багып өстүрүүдө бардык агротехникалык эрежелер толук колдонул-байт. Акча каражаттарынын же-тишсиздигинен  жаңыртылган үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди, майлоочу майларды, дары-дармектерди ж.б. материалдык ресурстарды сатып ала алышпайт. Натыйжада, дыйкандар жерден каалагандай түшүм алып, мал чарбасынан арбын продукция өндүрүүсү кыйынчылык туудурууда.

Берилүүчү  насыялардын үстөгү,  биздин  оюбузча,  жогору жана аны кайтарып берүү мөөнөтү  да  дыйкандарды  канааттандырбайт. Эгерде кооперативдерге жылдык үстөгү жок насыяларды  берсе  (белгилүү бир  максатка),  айыл  чарба өндүрүшү кыска мөөнөттө жогорку көрсөткүчтөргө жетер беле дейбиз.

Керимбек ажы АРНАЛИЕВ, экономика илимдеринин кандидаты, доцент, КР айыл чарбасынын отличниги, Ысык-Көл облусунун жана Ак-Суу районунун ардактуу атуулу