Жыртык жолдор борбордун жүзүбү?

Айида НАДЫРБЕКОВА, «Кыргыз Туусу»


Бишкек шаарында жол салуу, оңдоо жагынан акыркы жылдар аралыгында айрым иштер аткарылды. Бирок жаңы эле оңдолгон жолдордун кайра бузула башташы, шаардыктардын сүйүнүчүн күйүнүчкө айлантып, шымдын айрыгындай көрүнгөн жол тешиктери жолдордун сапатсыздыгын ачыкка чыгарып салууда. Негизи жолдорго Бишкек шаарындагы эки мекеме жооптуу. Бири бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен иш алып барган “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы, экинчиси – Кытайдан берилген гранттын эсебинен иш жүргүзгөн Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы. Бишкек мэриясы Кытайдын жол салуу корпорациясы менен 2017-2018-жылдар аралыгында шаарга 49 жол жана 6 көпүрө куруу боюнча келишимге кол койгон. Жолдорду реконструкциялоо иши былтыр жаз айында башталып, 2017-жылы 13 жол толугу менен жасалып бүтүп, калганы быйылкы жылга калган. Бирок, быйылкы жылдагы иштерге кошумча болуп, былтыркы эле жасалган жолдордун кайрадан жыртылып башташы ойлондурбай койбойт.

Бул боюнча “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын өндүрүш жетекчиси Жумакадыр Алымбаевге кайрылдык:

– Жолдордун сапаты боюнча нааразычылыктар көп болуп жатат, бул боюнча эмнелерди айта аласыз?

– Биздин ишканага негизинен Күрөңкеев, Сүйөркулов жана Иманалиев көчөлөрү боюнча сын айтылып жатат. Күрөңкеев көчөсүндө эки катмар асфальт жаткырылган жагы жакшы эле, ал эми асфальттын экинчи катмары жаткызыла элек бөлүгүндө жолдордун тешилип калган жерлери бар. Буюрса, бул жол боюнча иштер аягына чейин бүтөт. Калган эки жолду оңдоо иштери башталганы жатат. Ал эми Киргизия, Шербаков көчөлөрүнө биздин тиешебиз жок. Тагыраагы, ал жолдорду оңдоодо башка ишканалар иштеген. Мисалы, Шербаков көчөсүн кытайлык компания жасаган. Негизи жолдор 3 жылдык кепилдик менен салынат жана кайсыл ишкана жолду салса, ошол  ишкана  бузулган жерлерин оңдоп берет.

– Жолдордун сапатсыз болуп жаткандыгына эмне себеп? Жол курууга керектелүүчү каражаттардын сапатсыздыгыбы же сапатсыз иштеген ишканаларбы? Же жетиштүү каражат бөлүнбөй жатабы?

– Каражат жагынан айтсак, 2016-жылдан бери каражат жетиштүү бөлүнүп келатат. Ага чейин бизде күрөк сатып алганга дагы каражат жок болуп калчу. Эми техникага дагы жетиштүү каражат бөлүнгөн. Ал эми жолдордун сапатсыздыгына, биринчиден, аба ырайынын таасири көп болууда. Жаан-чачындардын көп болушу менен асфальттарды суу жеп кетет. Ошондой эле жакшы тапталбай калгандыктан же битумдун сапатынан дагы көз каранды. Негизи жолго асфальт төшөөдө тиешелүү мекемелер текшерүүдөн өткөрүшөт. Асфальт тапталгандан кийин жолдун ар кайсыл жеринен оюп алып кетишет дагы текшерип, анан бүтүм чыгарып беришет. Ошондон кийин гана жол эксплуатацияга берилет. Кийинки жылдардагы автоунаалардын көбөйүшү дагы жолдордун талкаланышына кедергисин тийгизип жатат. Дагы бир айтып кое турган нерсе, “Газпром” ишканасы жаңы конуштарга газ киргизип, алардын жумушчулары жаткырылган трубаларды кайра көмүүдө шагылкум аралашмасын талаптарга жооп бербегендей төшөшкөндүктөн, Көк-Жар, Арча-Бешик, Көлмө, Ала-Тоо конуштарындагы жолдор бузулган. Алар кемчиликтерин моюнга алышып, кайра жасап жатышат, – дейт ал.

Ж.Алымбаевдин айткандарынан тышкары, 2017-жылы гана салынып, жарым жыл да боло элек шаардын батыш тарабындагы Күйүкова көчөсүнүн жээгиндеги тротуарларга төшөлгөн асфальт дагы жарылып, кейиштүү абалга келип калгандыгын ошол жакта жашагандар интернет аркылуу коомчулукка таратышты. Ошондой эле Курманжан-Датка проспектисинин Муса Жалил жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү дагы канча жылдан бери колдонулуп, тамтыгы чыккан дагаранын кейпин кийип калган. Аламүдүн базарынын жанынан өткөн бул көчөнүн жээгиндеги тротуарлар дагы адам баса албай тургандай абалда турат. Андан мурдараак жылдары оңдолгон көчөлөрдөн: Совет-Москва, Гагарин, Күрөңкеев-Логвиненко, Күрөңкеев-Үсөнбаев, Шопоков (Чүй-Киев көчөлөрдүн кесилиши), Сүйөркулов ж.б. көчөлөрдөгү жолдун айрым жерлеринде жыртыктар пай-да боло баштаган. Ушундай көрүнүштөрдөн улам,

…Азыркы доордо, Бишкек го,

Кыргызстандын борбору.

Жалпыбызга үлгүдүр,

Жакшылык иштин болгону,

Бирок миллион акча чачылып,

Кыргыздын “ашөпкө” өтөт тойлору.

Машинасынан билинет,

Байлыкка элдин толгону.

Унаасы жаңы, а бирок,

Эмнеге жыртык жолдору? – деген кытайлык кыргыз акындарынын ыр саптары бекеринен эмес экен деген ойго келесиң.

Жыртык жолдорго кошумча көйгөй – айрым жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөрдүн бир башы ачык болсо, экинчи тарабы же таштанды челегине, же газонго такалып калгандыгы. Анысы аз келгенсип мындай өткөөлдөр бар жерлерге автоунааларды токтотуп коюп басып кеткен айдоочулар да бар. Айтор, айта берсе сөз көп. Аны тиешелүү мекемелер жакшылап көңүлгө алат деген ишеничтебиз.

Буга ким жооп берет?

Бишкектеги чоң конуштардын бири болгон  Арча-Бешиктеги  Күйүкова көчөсү боюнча учуру келгенде айта кетели. Селекция тарабындагы Муромск көчөсүнө кошула турган бөлүгүн ошол жолдон өткөн ар бир адам билет. Ал жолдун ошол жердеги бөлүгү мурда кайсыл бир шылуундар тарабынан сатылып кетип, бир топ адамдар үй салып алышкан экен. Ошонун кесепетинен түз бараткан жол ал үйлөргө барып такалып, жолдун салынып бүтүшү кечеңдеп жатат. Бул боюнча мэриянын №4 МАБ жетекчилигинен Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына таянуу менен төмөндөгүдөй маалымат беришти:

– Бул жерде жалпысынан 6 үй боюнча маселе бар. 1 үй жана 1 участок боюнча компенсация төлөнүп берилип, маселе чечилип жатат. 1 дубал тосмо жана 1 гараж боюнча  ээлерине  аларды  алуу  боюнча  эскертүү берилген. Бул дагы чечилет. Болгону 1 участоктогу 2 үй боюнча маселе бар. Анткени ал үйлөрдүн ээси компенсацияга макул болбой жатат. Учурда комиссия карап жатат. Балким бул маселе сот аркылуу чечилип калышы ыктымал.

Чечилгени жакшы. Болгону, убагында шылуундарга алданган ортодогу адамдардын тарткан чыгымына ким жооп берет? Аларды алдап, жер саткандар табылып, жазасын алса туура болмок.