27-мартка карата аба ырайы

27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15,

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили жамгыр жаайт, нөшөр болот. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 13…15 градуска чейин жогорулайт.