ЖК Төрагасы Ч.Турсунбековдун Ош облусуна болгон иш сапары Алай районунан башталды

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Алай районуна барып, Жаңы-Алай айылындагы орто мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Анда белгилүү болгондой, 1973-жылы курулган эски мектепте бүгүнкү күндө 470 бала 3 нөөмөт менен окуп жатат. 2006-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан мектеп имараты авариялык абалда деген корутунду чыгарылган. Ал эми 225 орунга ылайыкташкан жаңы мектептин пайдубалы 2015-жылы түптөлгөн. Бүгүнкү күндө курулуш жүргүзгөн «Ак-Тилек курулуш» компаниясы 26 миллион сом каражат суроодо.

Төрагасы иш сапарга бирге барган Каржы министрлигинин, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилерине каржы маселесин чечип, курулушту көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Ошону менен катар, Чыныбай Турсунбеков аталган мектептин окуу жүрүмүнөн кабар алып, мугалимдер жана окуучулар жамааты менен азыноолак баарлашты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *