Футболдон улам Бишкектин бир катар көчөлөрү жабылат

Бүгүн кечинде боло турган Кыргызстан менен Индия курама командаларынын футболдук беттешүүсүнөн улам Бишкектин бир катар көчөлөрү жабыла турганын шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 17.00дөн 22.00гө чейин Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Жибек Жолуна чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсү Исановдон Панфилов көчөсүнө чейин жабык болот.

Эскерте кетсек, Беттеш саат 20:00дө Бишкек калаасындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук стадиондо башталат. Аталган оюн 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде боло турган Азия чемпионатына тандоо алкагында өтөт.