Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (9-макала)

«Кандай аял тууду экен, Лениндей уул-ду?!», «Ленин ачты жолуңду» деген ырлары деле Токтогулдун таптык позициясын бекемдөө жана акынды Лениндин саясатын түшүнгөн, ырааттуу колдогон адам катары даңазалоо үчүн максаттуу жасалган кийинки кадамдардан болгон деп түз эле айтсак болот. Бирок, ошентсе да, бул ырлардын тексттерин жана ырларга берилген түшүндүрмөлөрдү салыштырып окуп отуруп, акыркы жылдарда күмөн санала баштагандай, бул ырларды Токтогул ырдаганына шектенип кетесиң.

«Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду?!»

Эмесе,  оболу  ырларга  жазылган түшүндүрмөлөрдөн баштайлы: “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” (1919). Биринчи жолу “Ленинди урматтайбыз” деген ат менен “Кызыл Кыргызстан” газетасына 1940-жылы 22-июнда жарыяланган. Андан кийинки жыйнактарда жана хрестоматияларда аты өзгөрүлүп “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” деп басылып жүрөт.

Азыр кийинки аты сакталды” (Токтогул. Чыгармалар жыйнагы. Түзүүчү: Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институту. Кыргызмамбас. Ф., 1956.). Демек, ырга берилген түшүндүрмөдөн көрүнгөндөй Токтогул бул ырды 1919-жылы эле ырдап чыккан. Эгер, акын бул ырды 1919-жылы жараткан болсо, анда эмне себептен ушул кыргыз пролетариат табынын Ленинианасынын башатындагы ыр 1940-жылга чейин эч бир басылмага басылбаганы, же бирди-жарым эл да акындын ырдаганын укпаганы кызык? Эмне үчүн улуттук тунгуч гезитибиз болгон “Эркин Тоонун” (азыркы “Кыргыз Туусу”) 1-2-номерлерине басылбады экен? Ал мезгилде эл ушундай ырларга суусап турган мезгили эмес беле? Мындай ырды ырдаган адамга мамлекеттик чоң сый-урмат көрсөтүлүшү керек эле го. Арийне, антип урмат-сый көрсөтүүнүн ордуна Токтогул  1928-жылы  Фрунзеге келгенде да, аны жакшылап кабыл алышпай, таарынтып жиберишип отурбайбы. Айтор, суроолор аябай көп. Андан таңгалычтуусу, ыр качан жана кимден жазылып алынганы боюнча да түшүндүрмө берилген эмес. Акындын башка жыйнактарынан деле ырга ушул түшүндүрмөлөр берилген. Деген менен, Токтогулдун чыгармалар жыйнагына жазган баш сөзүндөгү: “Токтогул ушундай теңчилик доорго жеткирген Октябрь революциясы жана анын жетекчиси В.И.Ленин жөнүндө кыргыз акындарынын ичинен биринчи болуп “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” деп чексиз кубаныч менен ырдап чыккан. Токтогул бул ырында Ленинди Россиянын эзилген элдеринин “бактысына туулган”, “көздөрүнүн жашын кургаткан”, эл жеген “желмогуздардын оозунан” куткарыш үчүн “өмүрүнүн бардыгын кедей үчүн сарп кылган”, акыр аягында падышачылыктын торунда жаткан элди боштондукка алып чыккан улуу адам экендигин укмуштай толкундануу, терең сүйүү менен ырдайт.

Караңгы жаткан эл элек,

Катарга кошту кыргызды.

Кетпес дөөлөт, кең заман,

Кеңеш өкмөт тургузду – деп, эзүүнүн алдында онтоп келген, эл катары эсептелбеген кыргыз элинин эркиндикке чыгышы В.И.Лениндин ысымы менен тыгыз байланыштуу экендигин көрсөтүп, кыргыз элинин Ленинге болгон ички сүйүү сезимин жана алардын улуу көсөмгө айткан терең ыраазычылыгын билдирет.

Бул  ыр  өзүнүн  көркөмдүгү,  терең маанилүүлүгү менен кыргыз совет поэзиясында биринчи болуп, В.И.Лениндин образын түзгөндүгү менен жогору бааланат” (Токтогул. Чыгармалар жыйнагы. Түзүүчү: Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институту. Кыргызмамбас. Ф., 1956.) деген ырга берилген мүнөздөмө Токтогулду изилдөөчүлөрдүн эмне максат, эмне мүдөө көздөгөнүн көрсөтүп турат. Алар “Токтогул кыргыз совет поэзиясында Лениндин образын алгачкылардан болуп жараткан” деген ойду айтуу менен, акындын кедей-кембагалдардын ой-тилегин ырдаган, саясий көз карашы жетик, нукура элдик ырчы экендигин дагы бир ирет баса белгилеп, анын улуулугун дагы бир жолу арттыргылары келишкен.

Жаңылбасак,  1924-жылы  жаралган Аалы Токомбаевдин “Ленинге кошок” ырынан баштап, 1940-жылдарга карата кыргыз совет адабиятында Ленинге арналган бир топ чыгармалар жаралып калган. Ошол кездеги кыргыз акындарынын ичинен Ленинге ыр арнабаган акындар дээрлик жок болчу. Арийне, бирок Токтогулдун “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” ырынын жарык көрүшү менен, бул ыр кыргыз совет адабиятындагы Ленинианадан өз ордун тапты. Ар бир мектеп окуучусу жатка билген ырга айланды. Аны менен катар Токтогулдун да саясий салмагы артты. Бул ырды ким жазып алып, ким ырдын багын ачкан болсо да, Токтогул үчүн ат көтөргүс эмгек кылгандыгында шек жок. Ал эми бул ырды Токтогул ырдаганбы, же ырдаган эмеспи, ал башка маселе.

Акындын “Кандай аял тууду экен Ле-ниндей уулду” ырына аста секин текстологиялык талдоо жасаганыбызда, адабиятчылар эмне үчүн бул ырдан шектенгени дароо көзгө урунат.

Маселен, акын “Кедейлер алып бердиңер // Керимбайдан кегимди” деп ырдап жатат. Мүмкүн, 1940-жылдары Токтогулду изилдегендер Токтогул менен Керимбайдын ортосунда жылуу мамиле болгонун билбесе билбегендир, арийне акын менен болуштун мамилеси ысык болгонун биз билебиз: “Токтогул менен Керимбай кийин дале душмандашып кетпептир. Атууга өкүм болорун күтүп Наманган түрмөсүндө камерада жатканда, Керимбай барып атайын акынга жолуккан экен, азат кылып аламын деп айткан экен. Муну «Келкелден» да окуйбуз. Акын сүргүндөн келгенде К.Даутовдун тактоосу боюнча 1904-жылы Керимбай апасы Сайкалга аш берип, ашка Токтогул да катышкан. Барпыны биринчи ошол жерден көрүп, айтышкан. А түгүл Эсенгул Малгараевдин эскерүүсүндө 1916-жылы Төрөгелди деген киши аш берип, ошол аштагы ат жарышта Керимбайдын Жайдак деген күлүгү чыгып келгенде, Токтогул аны аябай мактап ырдаган. Анан Токтогулдун Керимбай менен сөөк өчтү душман болгонуна шектенип кетесиң… Токтогулдун ырларынын өзгөрүп кеткендиги дагы башка фактор менен байланышат” дейт адабиятчы А.Муратов (Абдыкерим Муратов такталбаган Токтогул адабий-тарыхий изилдөө).Демек, жогорудагы эки сап ырды Токтогул өзү ырдаганбы же башка бирөөнүн чыгармачылыгына тиешелүүбү деген суроо жаралганы мыйзам ченемдүү нерсе. Же “Атаңдай баккан алдейлеп // Аманын тиле элиңдин” деген ыр саптарын алалы. Эгер, ыр 1919-жылы жаралганын эске алсак, анда бей-бечараларды Ленин багып жатат деп айтканга али эртелик кылат эмеспи. Кеңеш өкмөтү Кетмен-Төбө жергесине жаңыдан эле келип жатса, анан кантип эле элди атасындай бакканга жетишип калсын. Айтор, текстке канчалык тереңдеп кирген сайын, ырдан ошончолук күмөн, күдүк ой жараткан саптарды табасың. Андай болгондо, адабиятчылардын шектенүүсү, Токтогулдун совет мезгилинде (!), дагы бир жолу баса белгилейбиз, совет мезгилинде жаралган ырларына текстологиялык жана фактологиялык талдоолор керек дегени мыйзам ченемдүү.

Ал эми күмөн саналган экинчи бир ыр “Ленин ачты жолуңду” ыры 1953-жылы Тогуз-Тородо К.Чоңмуруновдон (Токтогул. Чыгармалар жыйнагы. Түзүүчү: Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институту. Кыргызмамбас. Ф., 1956.) жазылып алыныптыр. Бирок, эмнегедир ырдаган жылы такталбай кала бериптир. Ошентсе да, Фрунзеге келчү ыр эмне үчүн адашып, Тогуз-Торого кетип калганы таңгалычтуу. Бирок, “Ленин ачты жолуңду” деп, пролетариаттардын улуу жол башчысынын аталганы болбосо, бул 22 сап ырда анчалык деле терең маани, көркөмдүк, бийик идея жок, катардагы эле ырлардын бири. Болгону Токтогулдун чыгармачылыгындагы Ленин темасына толуктоо катары болбосо, башка идеялык же тематикалык жүк көтөрө албайт.

Токтогулдун чыгармаларын чогултуу, изилдөө  ишине  мамлекеттик  деңгээлде колго алынып, бул иштин башында турган акын Жоомарт Бөкөнбаев бул жалпы элдик ишке өмүрүнүн төрт жылын арнаса, төкмө ырчылар Калык Акиев, Алымкул Үсөнбаевдер өмүрлөрү өткөнчө Токтогулду оозунан түшүрбөй жүрүп өтүштү. Акын-жазуучулар болобу, адабиятчыларбы, улуу муун болобу, орто муунбу Токтогулдун чыгармачылыгына кайрылбагандар аз. Илимпоздордун арасынан Жаки Таштемиров, Дүйшөн Сулаймановдордун эмгеги ат көтөргүс. Токтогулдун чыгармачылыгы изилдөөгө арзыйт, анда талаш жок. Бирок, Токтогулду изилдөөчүлөр тоо булбулун “тоо кылабыз”: “кедей-кембагалдын ырчысы”, “жаңы замандын жарчысы”, кыргыз совет адабиятында Лениндин образын биринчи жараткан акын кылабыз деп, “изги ниет, илгери тилек” кылып жатып, өздөрү түшүнүп-түшүнбөй, билип-билбей, адабият тарыхына, барып-келип, Токтогулга карасанатайлык, кыянаттык жасап алышкан. Мунун өзү бүгүн Токтогулду изилдөөчүлөрдүн өз ысымдарына көлөкө түшүрүп турат. Авар акыны Расул Гамзатов: “Сен өткөндү тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат” деген ушул эмеспи.

(аягы)