КТРКнын тарыхында алгачкы сериал тартылып баштады

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында КТРК биринчи жолу өздүк сериалын тартып баштайт. Бул туурасында КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Сериал белгилүү акын, жазуучу «Кыргыз Туусу» гезитинин журналисти Жыпар Исабаеванын «Адашкандар» повестинин негизинде тартылат. Айтмакчы, аталган сериалды тартуу иштери 26-мартта башталып, 1-сериясы ийгиликтүү тартылып бүттү. Башкы ролдо Ынактын ролун  Эржан  Осмонов,  Акшооланын ролунда Самара Каримова, ал эми Султандын ролунда Бексултан Мерген уулу ошондой эле Сезимдин ролун Элзат Мыктыбек кызы ойнойт. Режиссеру Ырыс Окенова.

Эске салсак, “Адашкандар” повести 2003-жылы “Кыргыз Туусу” гезитине алгачкылардан болуп басылып, сандан-санга берилген. Сериалдын аты “Акшоола”.