Билим берүү базасы жок иштеген 7 медресе жабылды

2017-жылы Кыргызстанда жети медресе билим берүү базасы жок иштеп келген. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешев билдирди. Ошондой эле «окутуу шарттары талапка жооп бербейт» деген 23 медресе окуучуларынын билим деңгээли жана окуу планындагы жетишсиздиктер үчүн эскертүү алышкан. Бардык эскертүүлөрдү оңдоо үчүн аларга үч ай берилген. Ал эскертүүлөр тиешелүү деңгээлде оңдолбосо, аларга кайрадан эскертүү жасалып, дагы бир ай берилерин кошумчалады. Ошондо дагы эч кандай өзгөрүү болбосо, анда алар өз ишин токтотууга мажбур болушат.

Жогоруда жабылган медреселер тууралуу түшүндүрмө берип жатып, аталган медреселер каттоодон гана өтүшүп, өз ишмердигин жүргүзүүгө лицензия алышканын айтты. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында алардын эч кандай базасы жана ресурстары жок экени аныкталып, ушул себептен алар жабылган.

Жалпысынан Кыргызстанда 104 медресе каттоодон өткөн. Андан тышкары диний билим берген орто жана жогорку онго жакын окуу жай бар.