Антикоррупциялык иш-чара 48%га аткарылды. Кимдер жоопко тартылат?

Социалдык фонд башында турган бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин жоопко тартууну Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу сунуштады. Буга коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча зарыл чаралардын жоктугу себеп болгон.

Тагыраагы, 12-мартта жүргүзүлгөн акыркы байкоонун натыйжасында мерчемделген антикоррупциялык иш-чаралар 48% гана аткарылган.Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу Социалдык өнүктүрүү, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын жетекчилерин жоопко тартууну өкмөткө сунуш кылды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Соцфонддун жетекчилиги бул органдардын ишин ойдогудай координациялап, аларды коррупцияга каршы багытталган чараларды турмушка ашырууга багыттай албагандыгын билдирди. Маалыматта Соцфонддун жетекчилигинин жоопкерчилигин карап көрүү сунушу өкмөткө берилгендиги жана буга Башкы прокуратура көңүл бурууга тийиш экендиги да айтылат.