Кыргызстанда интернет колдонуучулардын 36%ы балдар

26-мартта болуп өткөн маалымат жыйынында Аялдардын жана балдардын укугун коргоо уюмунун мүчөсү Назгүл Турдубаева «Кыргыз өлкөсүндөгү жаш балдарды кибер коопсуздугунан сактоо керек», — деп билдирди.

Анын  айтуусунда бүгүнкү  күндө  Борбор Азиядагы  жаш  балдар кибер  чабуулунан  сак-талган эмес. «Балдар ар кандай порнографиялык сайттарга кирип жатышат. Бизде эле эмес, бүт дүйнөдө виртуалдуу түрдө сүйлөшүү күч алууда. Кыргыз өлкөсүндөгү жаш балдарды кибер коопсуздугунан сакташыбыз керек», — дейт ал.

Ал эми ЮНИСЕФтин Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Гүлжигит Эрматовдун пикиринде дүйнө жүзү боюнча 1 миллиондон ашык балдар зомбулукка кабылат. “Алардын төрттөн бирине физикалык күч колдонулган. 73 пайыз балдар үйүндө кысымга кабылса, 83 пайызы мектепте кабылат. Күн сайын 173 миң жаш бала интернетке катталат. Кыргыз мамлекетинде интернет колдонгондордун 36 пайызы өспүрүмдөр жана жеткинчектер», — деп кошумчалады ал.