Сүйүнчү!!! Акжолго 2 бөлмөлүү батир берилди

Азия чемпиону Акжол Махмудовго борбордон эки бөлмөлүү батир берилди. Бул кубанычтуу кабарды балбан бизге өзү кабарлады. Эске салсак, гезитибиздин мурдагы сандарында Акжолдун маеги жарык көргөн жана ал батирде жашарын айткан.

Балбанга батир белек кылуу демилгесин Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров көтөргөн. Ал эми анын демилгесин «Оомат» курулуш компаниясынын жетекчиси Акжол уулу Жоомарт колдоп чыккан. Батирге ээ болуу күтүлбөгөн жаңылык болгонун айткан Акжол: «Демилгечилерге жана колдоочуларга рахмат», – деп ыраазычылыгын айтты.

Акжол Махмудов жакында эле Бишкекте өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпиона-тында алтын медалга ээ болгон.