КР элчиси жана КЭР ТИМ башчысынын жардамчысы эки жактуу мамилелерди талкуулашты

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Азамат Үсөнов КЭР тышкы иштер министринин жардамчысы Ли Хуэйлай менен жолугушту.

КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай эки жактуу мамилелеринин абалын жана келечегин талкуулашты.

“Анын ичинде КР Президенти А.Атамбаев жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда 16-майда Пекинде өткөн сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу маселелери талкууланды”, — деп айтылат билдирүүдө.