Сокулук районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Саткеев Болот Джантайбекович ээлеген кызматынан бошотулду.

Өкмөттүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү белгиленгендей, бошотууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы сунушу негиз болгон.