28-мартка карата аба ырайы

28-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорго кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Тоолуу унаа жолдоруна муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5°.

Бишкекте мезгил-мезгили жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 13…15 градуска чейин жогорулайт.