Россияда 28-март аза күтүү күнү

25-март күнү Россияда «Зимняя вишня» соода борборунда өрт чыгып, расмий маалыматтар боюнча 64 адам набыт болгон болчу. Алардын көпчүлүгү жаш балдар. Буга байланыштуу Россияда президент Владимир Путиндин жарлыгы менен 28-март Кемероводогу “Зимняя вишня” соода борборунда өрттөн набыт болгондорду эскерүү күнү деп жарыяланды.

Буга чейин Россиянын сегиз аймагында аза күтүү күнү жарыяланган. Москва, Санкт-Петербург баштаган бир нече шаарда маркумдардын элесине арналган иш-чаралар өтөт. Көптөгөн өлкө жашоочулары орусиялык элчиликтердин имаратына гүл көтөрүп келүүдө.

Кемероводо шейшемби күнү жүздөгөн шаардыктар облустук администрациянын алдына митингге чыгышты. Алар бийликтен кырсыкта канча киши өлгөнү тууралуу чындыкты айтууну талап кылышты. Алар набыт болгондордун саны көп болушу мүмкүн деп күмөн санашып, апаатты кылдат иликтөөнү талап кылышууда.