Кыргызстан курамасы Индияны 2:1 эсебинде жеңип алды

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия — 2019 Кубогуна тандоонун алкагында Индиянын курамасын 2:1 эсебинде утту.

Беттеш, 27-мартта Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы спорт аренасында өттү. Атаандаштардын дарбазасына голду футболчулар Антон Землянухин жана Мирлан Мурзаев киргизген.

Кыргызстандын курамасы “А” тобунда Индия, Макао, Мьянма жана Индиянын курамалары менен ойноп, 1-орунду алып жеңишке жетип, 2019-жылы Катарда өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алды.