Коррупциянын жоюлушу өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө

Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”


Президент Сооронбай Шариповичтин коррупцияны сот тармагы менен күч органдарынан баштоо керек дегени колдоого аларлык. Учурда сот, күч түзүмдөрүндө коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасы кандай болууда деген суроонун алкагында пикирлерди жарыялоону туура көрдүк.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш ТОКБАЕВА: “Судьяларга тараптардын кирүүсүнө чектөө коюлду”

–  Бүгүнкү  күндө  Кыргыз Республикасынын сот тутумунда коррупциянын алдын алуу боюнча  комплекстүү  чаралар жүргүзүлүп жатат. Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө нормативдик-укуктук  актылардын  аткарылышын  талап кылуу багытында, 2016-жылдын   7-майындагы  №  86  менин  буйругум  менен  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан сот тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча программа жана план бекитилген. Программа менен планга ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Сот департаментинде, Сот адилеттигинин жогорку мектебинде, Сот департаментинин облустук башкармалыктарында жана сот аткаруучуларынын бөлүмдөрүндө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча дайыма ишеним телефону иштеп келет. Коррупциянын деңгээлин азайтуу жана алдын алуу максатында судьялардын кызматтык бөлмөлөрүндө жана сот залдарында сүйлөшүүлөрү жазылган видео байкоо орнотулган. Судьяларга жана соттордогу аппарат кызматкерлерине тараптардын киришин чектеген чаралар дагы көрүлүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Талант МАМЫТОВ: “Сот тармагында буйрутма саясий процесстерди токтотуу керек”

– Коррупция менен күрөшүүдө өзүбүз мамлекеттик кызматчыларга адилеттүү мамиле жасап, жогору эмгек маяна коюп, соцпакеттерди уюштуруп, татыктуу карылыгын түзүп беришибиз керек. Азыр Бишкекте орточо жашоо деңгээли 30 000 сомду түзсө, айыл жеринде 15 000 сом. Укук коргоо органдарындагы, медицина тармагындагы, окуу жайлардагы коррупция кайдан чыгат? Алардын алган маянасы аз, турмуш тиричилигинде жетпейт. Ошол эле дарыгер, милиция баласын окутуш керек. Ал каражатты кайдан тапмак эле, элдин эсебинен чыгарып алат. Коррупция менен күрөшүүдө алгач мамлекеттик кызматкерлердин эмгек маянасын көтөрүш керек. Мамлекеттик кызматкерлердин эмгеги татыктуу маяна менен камсыз болгондо, аларда ишеним пайда болот, ошондо гана коррупция токтойт.

Андан сырткары сот тармагында болуп жаткан буйрутма саясий процесстерди токтотуш керек. Мыйзам так, даана иштеп, телефондук буйрутмалар, саясий кийлигишүүлөр токтотулуусу шарт. Сот тармагы эркин болмоюнча, саясий буйрутмалар токтомоюнча, эч качан адилеттүүлүк орнобойт. Тилекке каршы, сот тармагында өз кызыкчылыгын көздөгөндөр да бар. Өлкө башчынын коррупция менен күрөшүүнү сот, күч түзүмдөрүнөн баштаганын толугу менен колдойм. Коррупция жоюлмайынча өлкө өнүкпөйт.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат ОТОРБАЕВ: “Соттор дароо “керек болгон” өкүмдөрдү чыгарган абалга туш келдик”

– Акыркы эки жылда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Кыргызстандын укук коргоо органдарындагы, соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндөгү мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча 4000ге жакын сурамжылоо иштерин жүргүзгөндүктөн, аталган тармакта болуп жаткан иштер тууралуу толук маалыматка ээ.

Мен КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун өлкө башчылыгында өз ишмердүүлүгүн күч түзүмдөрү жана сот тармагында коррупция менен күрөшүүдөн баштаганын колдойм. Мамлекеттик органдарда коррупция менен күрөшүүдө системалуу иш алып баруу ылайык, анткени тергөө-айыптоо, көзөмөл-жаза жана актап чыгуу бир звенодогу милдет, аны акыйкаттуулук менен аткарбай кызмат абалынан пайдаланса, жеке адам менен анын жакын туугандары эле жабырланбастан, мамлекетке да таасири тиет. Кыргызстандын  соттук  тажрыйбасы  көрсөткөндөй, көпчүлүк прокурорлор тергөө иштеринин сапатына көңүл бурушпайт жана маселенин түп тамырын терең териштиришпейт. Эгер маселени терең иликтешпесе, алар канткенде мыйзамдуулукту толук сактай алышат. Натыйжада ойдон чыгарылган, бурмаланган кылмыш иштери сот органдарына берилип, соттор дароо “керек болгон” өкүмдөрдү жана чечимдерди чыгарган абалга туш келдик. Ошондуктан тергөөнүн сапатына жана мыйзамдуулугуна өзгөчө көңүл буруу керек. Ар бир козголгон кылмыш иши талашсыз фактылар, айныксыз далилдер жана материалдарга негизделиши керек.