Мечиттеги мушташ эмнени билдирет?

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Өткөн жумада интернет айдыўында мечиттердин биринде тартылган видео-тасма таркап, андагы динчилдер ортосундагы кол көтөрүү фактысы интернет колдонуучулары тарабынан катуу талкууга жем таштады. Айрымдары, намаз окуган адам бирөөгө кол көтөрүп, зомбулук көрсөтпөшү керек, анткени ал коомчулукка үлгү болчу адам дешсе, экинчилери намаз окуган адам деле пенде, анын деле жини келет, мушташат деп акташууда. Ал тургай кээ бирлери дааватчылардын ортосундагы тирештер деп божомолдоп жиберишти. Ал тургай, өткөндө Чубак ажы Жалиловдун “Президенттикке ат салышууга укугум бар” деп айтканына байланыштуу дин жолундагы адамдарды каралоо аракети катары баалагандар да чыкты.

А чынында бир мүнөткө жетпеген видеодон мечиттин короосунда сүннөт кийимчен 20 чакты адам жүргөнүн, алардын ичинен олбурлуу, орто жаштагы бир адам жанындагылар токтотконуна карабай, башка бир адамды урганы, андан кийин экинчи адамга да кол көтөргөнүн көрүүгө болот. Видеодо кол көтөргөн адамга анындагылар «Баатыр» деп кайрылып жатышканы угулат. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз өкүлү Максат Атабаев: “Эки бир тууган уруша кетип, ачууга алдырып коюшкан экен. Ошол жерде турган башка бир туугандар, жергиликтүү эл аларды кайра жараштырып коюшкан. Азыр экөө тынч, баары эле жакшынакай. Өз ара пикир келишпестиктен улам эле чыр чыгып кетип ачууга алдырып коюшкан экен. Бирок аларды ошол жерден эле кайра жараштырышкан”, – деген пикирин билдирген.

Бирок ал жерде олбурлуу адам бир адамды кубалап, андан соў экинчисин кулата чаап жатканы көрсөтүлгөн. Бул окуянын аныгын Максат Атабаев тактаган жок.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов: “Бул апрель айында болгон окуя экен. Бул боюнча эч ким убагында кайрылган эмес. Чүй облустук диний ишмерлер бул боюнча чараларды көргөн экен. Бирок анын видеосу чыгып кеткенине байланыштуу облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмү ошол окуяга тиешеси бар адамдарга, мечиттердин жетекчилерине, мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бизге алар кандай иштер жасалды, бул окуяга катышкандар кимдер экени тууралуу толук маалымат берилет. Териштирүү иштеринен кийин сөзсүз чаралар көрүлөт”, – деп билдирди.

Чынында молдо деле пенде. Ал деле ачуусу келсе, кол көтөрүп, дагы башка нерсе кылышы мүмкүн. Негизи эле дин жолунда жүргөн адамдар катышкан окуялар коомдо чоў талкуу жаратып келет. Маселен, былтыр медреселердин биринде окуган кыздар Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолуп жаткан учурда турбай коюшкан. Андан кийин башка диндеги адам деп мүрзөдөн орун берилбей койгон факт коомчулукта катуу резонанс жаратып, аягында күнөөлүүлөр сот жообуна тартылышкан.

Негизи эле акыркы учурда коомчулукта ислам динин тутунгандар менен светтик көз карашты кармангандардын ортосунда ажырым пайда болгону байкалат.