“Мегакомду” сатып алууга төрт компания кызыгып жатат

«Мегаком» деген соода маркасы менен белгилүү «Альфа Телеком» компаниясын сатып алууга төрт компания кызыгып жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Ренат Түлөбердиев билдирди.

— “Мегаком” боюнча 2-мартта баалоо мөөнөтү бүттү. Азыркы кезде төрт компания кызыгып жатат. Сүйлөшүү жүрө элек, документ, финансылык отчет, юридикалык жактан тоскоолдуктар бар-жогу такталып жатат.

Түлөбердиев Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтерин жана Инвестицияларды илгерилетүү агенттигин «Альфа Телекомго» инвестор издөөгө кошуу боюнча өкмөткө кайрылганын кошумчалады.

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда талкууланып жатат.

Кыргыз өкмөтү «Альфа телеком» компаниясын алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпаганы үчүн сатылган эмес. 2017-жылы анын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланып, түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Акыркы жолу түз сатууда орусиялык жеке ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган. Бирок коомчулуктагы сындан улам ал ишкер менен келишим түзүлбөй калган.

Быйыл январда “Альфа Телекомду” сатып алууга «АКА минералз энд майнинг» ишканасы да сунуш берген. Мындан кийин Швейцарияда катталган «ALF Consulting SA» компаниясы арыз берген. Аталган компаниянын каржы директору Мари Гамерданже жазган катта алар “Альфа Телеком” ишканасынын 100% акциясын сатып алууга кызыгаарын билдирген.

Булак: Азаттык