Соода борборлорго байкот жарыялоо тууралуу чакырык таркап жатат

WhatsApp мессенджериндеги тайпаларда 31-мартта Бишкектеги соода борборлоруна байкот жарыялоого чакырган билдирүү тездик менен тарап жатат.

Анда 31-мартта, соода борборлоруна баруудан баш тартуу аракетти менен соода борборлоруна адам өмүрүнүн баалуу экенин эскертүү максат кылынган. Андан сырткары, имараттын ичинде ЖМК жана коомдун катышуусу менен эвакуациялык окуулар өткөрүү талап кылынган.

Белгилей кетсек, 25-мартта Кемерово шаарындагы «Зимняя вишня» деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда өрт чыгып, акыркы маалыматтар боюнча 64 кишинин өмүрүн алды.