Нарын облусунда катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен

Нарын районунун Учкун айыл аймагында 27-мартта ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шамалдын кесепетинен Учкун айылындагы турак үйдүн чатырын, Куланак айылындагы айыл өкмөттүн имаратынын чатырын жана Достук айылындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Жалпы район боюнча 3 турак үйдүн жана 3 социалдык объектинин чатырлары шамалдын кесепетинен кыйроого учураган. Учурда материалдык чыгым такталууда.