Музей– өлкөнүн жүзү, маданияттын күзгүсү

Эрнис БАЛБАКОВ, «Кыргыз Туусу»


Жусуп Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин окумуштуулары Кыргызстандагы музей ишин жакшыртуу, музей кадрларын даярдоо демилгесин көтөрүп, Этнография, археология, булак таануу жана тарых нааме кафедрасынын базасында атайын музей таануу бөлүмүн ачуу аракетин көрүп келишет. Музейлер – мамлекеттин жүзү, визиттик карточкасы экенин айткан окумуштуулар музейлерибизди иретке келтирип, чыныгы музей адистерин даярдоого убакыт келди дешет. Анда эмесе, сөз башынан болсун.

Аскар БЕДЕЛЬБАЕВ, тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы

– Чынында бул учурдун эң башкы маселеси болууда. Улуттук тарых музейден, дагы башка музейлерден  тарыхый  артефактардын, баалуу буюмдардын жоголушу,  ал  жакта  атайын билими жок, ар кайсы жактан келген адистердин иштеп жатышынын натыйжасы болууда. Илгери СССР маалында музей адистерин атайын Москвада окутчу. Союз кыйрагандан бери музейтаануу деген илим таптакыр токтоп калган. Дал ушул боштукту толтуруу үчүн КУУ Тарых жана чөлкөм таануу факультетинен Этнография, археология, булак таануу жана тарых нааме кафедрасынын башчысы Шайыргүл Батырбаева демилге көтөрүп, археолог Ороз Солтобаев жана этнограф Салайдин Эралиев, Темирлан Чаргынов кафедранын ичинде атайын музей таануу адистигин ачалы деп жүрүшөт. Бул демилге университеттин ректораты, жалпы окутуучу-профессордук курам тарабынан кызуу колдоого алынууда.

 

Ороз СОЛТОБАЕВ, археолог

– Музей – бул мамлекеттин жүзү, маданиятынын күзгүсү. Көптөгөн мамлекеттер  чет  элден  келгендерге  сөзсүз  музейлерин көрсөтөт. Тарыхы, маданияты менен тааныштырат. Жүз миңдеген туристтер дагы дал ушул музейлер үчүн саякатташат. Кыргызстанда дагы акыркы жылдары бул багытта жакшы иштер башталды. Жылыш боло  баштады.  2014-жылы экс-Президентибиз Алмазбек Атамбаев «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Тарых жана маданият жылы жарыяланды. Мамлекеттик Тарых музейи улуттук деген макамга ээ болуп, толук реконструкциядан өттү. Ушул жакшы саамалыкты улай, эми максаттуу түрдө кадрларды даярдоого убакыт келди. Расмий эсеп боюнча Кыргызстанда 58 ар кандай музей бар экен. Ар бир айылда өздөрүнүн ата – бабаларына, чыгаан инсандарына байланыштуу музейлер дагы түзүлүп атат. Булар өз алдынча, мамлекеттик реестрге кирбеген музейлер. Эми буларды кийинки урпактарга кимдер жеткирет деген суроо туулуп атат. Ошондуктан профессионал музей кызматкерлерин даярдап чыгышыбыз керек болуп жатат. Музей – бул тарыхый буюм-тайымдарды жыйнап, аны элге көрсөтүү эле эмес, музейдин илими да бар. Мисалы Санкт-Петербургдагы Эрмитажда дүйнөлүк мурастарды изилдеп, иликтеп «Эрмитаж жыйнактары» деген илимий журналды чыгарып турушат. Биз Кыргызстандын аймагын көп кыдырабыз. Нарындын Ак-Талаасынан, ушул эле Жайыл районунун Ново-Николаевка айылынан тээ байыркы мезгилден, бүгүнкү күнгө чейинки баалуу буюм-тайымдар жыйналган укмуш коллекцияларды жолуктурдук. Жеке инсандар түзгөн бул үй шартындагы музейлерди мамлекеттик музейге өткөрөлү десек макул болушпады. Мейли бул аракеттери деле жакшы. Бирок, жөн эле чогултуп коюп, ошол буюмдардын баалуулугун кетирип атышпайбы. Ал буюмдар реставрациядан өтүп турушу керек, өзгөчө кам көрүлүшү керек. Ал ишти жасаганга кадр керек. Сырттан чакырып келсек, аларың асмандын башын сурашат.

Египеттин Каир университетинде Археология факультети бар. Ошол жактан курстан өтүп келгем. Алардын окутуу системасын көрсөң таң каласың. Дасыккан кадрлар Египеттин ар бир эстелигин ийине-жибине чейин изилдешет. Туристтердин ал жакка агылып жатышынын дагы бир себеби ушул.

– Сиз айткан жеке музейлердеги баалуу буюмдарды мамлекет мыйзамдуу жол менен алганга укугу жокпу? Же “тапкан тапалак” деп ар ким менчиктей берсе болобу?

– Учурда мыйзамдагы айрым мүчүлүштүктөрдөн улам, мамлекеттик менчикке ала албайт экенбиз, музейге кое албайт экенбиз. Бул багытта атайын билими бар адамдар даярдалса, тарыхый эстеликтер мамлекеттин менчиги, элдин мурасы экендигин жалпы журтка туура, так жеткире алган кадрларыбыз болсо мындай болбойт эле. Маселе көтөрүп, коңгуроо кагып жатканыбыздын дагы бир себеби ушул.

Шайыргүл БАТЫРБАЕВА, тарых илимдеринин доктору

– Биздин кафедрада тарых илиминин илимий муктаждыктарын камсыз кылууга, илимий билим алууга шарт түзүлгөн. Учурдун актуалдуу маселелеринин бири музей таануу илимин жандандырып, толук кандуу иштетүү. Ар кандай багытта иш алып барган тарыхчылардын башын дал ушул музей таануу борбору аркылуу бир аянтка бириктирели деп жатабыз. Музей – бул өткөндү чагылдыра турган нерсе. Биз адамзаттын басып өткөн жолуна тиешелүү гана эстеликтерди карабастан адамзат жашап өткөн айлана-чөйрөсүнүн шартын калыбына келтирип карашыбыз керек.

Ушул багытта музей таануу жана тарыхый эстеликтерди сактоо адистигин өзүбүз окутуп, тарбиялап чыгышыбыз керек болууда. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин өзүбүздүн тарыхыбызды бакчадагы баладан баштап үйрөтүп баштаганыбыз оң. Алар өз элинин тарыхын билип эле тим болбой, сыймыктанып, мекенчилдик сезими кайнап тургандай болушу керек. Бул максатка жетүүнүн эң мыкты жолу иштеп жаткан музейлердин ишин жакшыртып, жаңы музейлерди түзүшүбүз керек. Ошондой эле музейге келген ар бир жараныбыз сыймыктанып, чет элдик турист суктангыдай, зор канааттануу алгыдай кылып кыргыздын тарыхын айтып бере алган, эне тилибизден тышкары, орус, англис тилдерин чемичкедей чаккан, чыныгы профессионал музей кызматкерлери аба менен суудай эле керек болуп турат. Санариптик доор күн сайын кулачын жайып келатпайбы. Биздин кафедрада тарыхый информатика деген чоң багыт бар. Санариптик тарых деген түшүнүк кирди. Музей изилдөө борборунун базасында Кыргызстанга, кыргыз элине байланышкан тарыхый эмгектерди, булактарды, тарыхый эстеликтерди электрондук, визуалдык кылып, интернет желеси аркылуу дүйнөлүк мейкиндикке алып чыксак болот.

– Силерге чейин музей таануу багытына басым жасайлы деген аракеттер болгон эмеспи?

– Буга чейин Кыргыз архитектура, курулуш жана транспорт университетинде ачалы деген демилге көтөрүлгөн экен. Бирок ал окуу жайга барган абитуриенттер курулушчу же архитектор болом деген максатты көздөгөндүктөн, бул ишке ашпай калган. Андан кийин музей – бул маданиятка жакыныраак экен деп Исскуство институтунда ачалы дешкен. Ал жакта да ийгилик болгон жок. Мен тарыхчы катары айтсам – тарыхый, жаратылыш эстеликтерин сактап, аны пропаганда кылуу тарых факультетинин гана базасында ишке ашышы мүмкүн.

Салайдин ЭРАЛИЕВ, этнограф

– Бизде  музей  кызматкерлеринин жаңы мууну даярдалган эмес. СССР маалында музей багыты боюнча атайын билими барлар бүгүн пенсия курагына келип калышты. Ошондуктан бирин-чи кезекте кадрларды даярдоо маселесин чечишибиз керек. Аймактардагы музейлерде эч кандай эрежелер, режимдер сакталбайт. Мисалы териден, жыгачтан, металлдан жасалган буюмдар белгилүү бир температурада, нымдуулукта сакталып, жайында желдетилип, кышында жылуулук берилип турушу керек. Кээ бир буюмдар жарыкка чыдабайт, айрымдары караңгыда бузулуп кетет.

Мына ушунун баарын түшүнгөн кадрлар болмоюнча музейди өз деңгээлинде уюштуруу мүмкүн эмес. Ошол кадрларды даярдайлы деп биз былтыртан бери аракет кылып жатабыз. Ректорат дагы кызуу колдоп жатат. Кудай буйруса, стандартын иштеп чыгып, быйыл биринчи жолу музей адистерин даярдоого киришип калабызбы деп турабыз.