Акак – келечекте тиш доктур болгусу келет

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Жакында Москва шаарында менталдык арифметика боюнча эл аралык чемпионат болуп өттү. Ага ар кайсы өлкөлөрдөн келген 1000ден ашык бала катышты. Балдар жаш өзгөчөлүктөрүнө карай 4 топко бөлүнүп, аларга алуу, кошуу, көбөйтүү, бөлүү боюнча тапшырмалар берилди. Эки, үч орундуу сандарды оозеки эсептеп, чыгарган жеткинчектер жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Ал эми аталган иш-чарага Кыргызстандан 9 бала барып катышып келди. Алар Бишкек шаарындагы “Смарт ум” окуу борборунун жеткинчектери. Алардын ичинен эң кенжеси Акак Камелова 3-орунду камсыздап, атайын кубок жана грамота менен сыйланды.

Акак быйыл мектепке барат

Акак  болгону  6  жашта.  Менталдык арифметиканы үйрөнүп баштаганына 9 ай болду. Апасы Анаркүл Дөөталиева Акактын эсепти ылдам чыгаруу жөндөмү мурда байкалбаганын айтат. “Бир күнү кызымдын тишин дарылатканы доктурга барганбыз. Киши абдан көп экен. Кезек күткөнгө туура келди. Ошол жерден менталдык арифметика боюнча “Смарт ум” окуу борборунун жарнамасын көрүп калдык. Жөн тургандан көрө деп кызыгып баш бактык. Мугалимдер Акакты текшерип көрүп: “Шыгы бар экен. Кызыгуусун арттырып, жөндөмүн өстүрүш керек”, – деп аябай мактап калышты. Анда байкап көрөлү деп, дароо эле курска жазыл-дык. Ошентип, 9 айдан бери жумасына 1 жолу сабакка барат. Калган күндөрү үй тапшырмаларды онлайн түрүндө аткарат. Эртең менен көзүн ачып эле эсебин чыгарганга шашат”, – дейт А.Дөөталиева

Алгачкы ийгилик

Москвада өткөн эл аралык чемпионат Акактын биринчи жолу катышкан сынагы жана алгачкы жеңиши болду. Кичинекей Акак бул жеңиши менен ата-энесине, бир туугандарына чоң кубаныч, сүйүнүч тартуулоо менен бирге, келечектен көптү үмүттөндүрүп койду. Өзүнө болгон ишенимди жарата алды. “Мындай ийгиликке жетишкенин көрүп, дагы окуталы, дагы үйрөтөлү, талантын өстүрөлү деген  өзгөчө  жоопкерчилик  пайда  болот экен”, – дейт атасы Илипбаев Камел. Анын айтымында Акак турнирге кетип баратып аэропорттон атасын бекем кучактап, кулагына:

“Ата, мен сөзсүз жеңип келем”, – деп шыбыраган экен. Ал тургай кайра кайтып келатканда гүл менен тосуп алуусун сураныптыр. Көрсө жеңишке жетем деген максаты бийик болгон экен.

Маңдай жарган сүйүнүч

“Москвага барганда, чемпионаттын алдында башка балдар аябай машыгып, даярданышты. Акак болсо эч кандай эсеп чыгарам деген жок. Мелдештин алдында чарчап калбасын деп, мен да жайына койдум. Кудай буйруп эң кенже топтун ичинен 3-орунду жеңип алды. Сыйлык тапшыруу учурундагы сезимимди азыр сөз менен жеткире албайм. Аябай сүйүнүп, толкунданып, ыйлагым келди. Иш-чара аяктап метродо кетип баратабыз. Кубанычымды кимге айтып, ким менен бөлүшөрүмдү билбей метродогуларга айтып мактандым. Алар да көңүл коштук кылышкан жок. Акакты, мени куттуктап, кубаттап баратышты”, – дейт апасы.

“Кыргыздар, мен уттум!”

“Эң  кызыгы  эжемдин  үйүндө  болду. Эжем Москвада батирде турат. Анын конок бөлмөсүн дагы 7 кишиге батирге берет экен. Алар өзүбүздүн мекендештер. Чемпионаттан келип, үйгө кирсек эле: “Апа, кубогумду бериңизчи”, – деди. – Эмне кыласың деп сурасам, азыр деген бойдон эле жанагы конок бөлмөгө кирип кетип: “Кыргыздар, мен уттум”, – деп кыйкырса болобу”, – деген Анара эже кызынын мекенчил экенин ошондо байкаганын айтат.

Үй-бүлөдө кенжеси жана эркеси

Айтмакчы, Акак 3 бир туугандын эң кичүүсү. Өзүнөн улуу бир эжеси бар – аты Айдана. Агасы Нурадил. Апасы Анара Казаковна эл агартуунун отличниги. Учурда Бишкек шаарындагы №21 угуусу начар жана кереңдер жатак мектебинде мугалим-методист болуп иштейт. Эң алгачкылардан болуп  интернаттарга  кыргыз  класстарды ачкан. Атасы Политехникалык институтту бүтүргөн. Кесиби боюнча инженер-механик болуп бир канча мекемелерде кызмат кылган. Акак атасына абдан жакын. Атасы да кызынын ою менен болот. Кошо ойноп, кошо эсеп чыгарышат, жомокту бирге окушат. Ал тургай чогуу мультфильм көрүшөт. Ал эми менталдык арифметика боюнча сабак берген эжекеси – Айжан Жумалиева.

Акак таенесине тиш салып бергиси келет

Акак келечекте стоматолог болуп, таенесине тиш салып бергиси келет. “Мен чоңойгондо тиш доктур болом, анан таенеме тиш салып берем”, – дейт Акак. Апасынын айтымына караганда, ал таенесин аябай жакшы көрөт. “Таенесине тиш салып бериш үчүн эле стоматолог болгусу келе берет болуш керек. Апам башка балдарыныкында көпкө жүрүп калса, сагынып калат. Москвага кетип жатканда, апам биздин үйдө эмес болчу. Кызым телефон чалып таенеси менен сүйлөшүп бүтүп эле үйгө чуркап кирип кетти. Көрсө таенеси өзү жаткан бөлмөдөгү арчадан сындырып чөнтөгүнө салып ал дептир. Кийин метродо келатсак, чөнтөгүнө колун салып, арчанын майдаланган күкүмдөрүн алып чыгып: “Мага таенемдин арчасы жардам берди окшойт”, – деп жатпайбы”, – дейт А.Дөөталиева. Ал эми Акактын сүйүктүү таенеси учурда 82 жашта. 41 небереси, 42 чөбүрөсү бар. Балдарынын бактылуу энеси, неберелеринин мээримдүү чоң апасы жана таенеси.

Бардык нерсе каражатка такалат

Акак  Камилова  жакын  арада  Өзбекстанда  өтө  турган  менталдык арифметика боюнча биринчиликке катышканы жатат. Ал жакка катышууну аталган окуу  борбору  сунуштап  жаткан.  “Смарт ум” жеке борбор болгондуктан, ал жакка барып катышып келүү үчүн Акактын ата-энеси өз каражатын жумшоосу керек. “Мурда спортчулардын демөөрчү издеп, каражат таппай, канчалаган беттештерге бара албай жүргөндөрүн угуп маани берчү эмесмин. Спортчулардыкындай кырдаал өз башыма келип, аларды аябай жакшы түшүнүп калдым. Көрсө бардык нерсе келип эле каражат маселесине такалат экен да. Биз өзүбүз деле акчабыз ашып-ташкан үй-бүлө эмеспиз. Бирок, кудайга шүгүр такыр жок эмеспиз”, – деген А.Дөөталиева кызынын бул сынакта да өзүн сынап көрүүсүнө колунан келишинче аракеттенерин кошумчалады. “Москвага барганыбызга акча таппай үйдөгү болгон алтын буюмдарыбызды күрөөканага таштап акча алып кеткенбиз. Буюрса, бул сапар да жолу табылаар”, – дейт Акактайдын апасы.