Акын, журналист, ТҮРКСОЙ уюштурган «Беш акындын» жеңүүчүсү Майрамбек ТОКТОРОВ:  «Уурудан акын чыгышы мүмкүн, асти акындан ууру чыкпайт…»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


– Майрамбек, өткөн жылдын аягында  ТҮРКСОЙ  уюштурган  «Беш акындын» жеңүүчүсү болгонуңда чычалагандар көп болду. Ошол таарынычтарга кандай түшүндүрмө берет элең?

–  Түшүндүрмөнү  мен  эмес,  калыстар бериши керек. Бул менин эмес, Кыргыз эл акындары А.Өмүрканов, К.Култегин, Кыргыз эл артисти К.Эралиева, КР маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер Т.Нурманбетов, К.Бакиров, А.Акбаров, таланттуу акындар З.Ажыматов, А.Исмаиловдордун тандоосу болду. Акын арыз жазбайт, акын ыр жазат. Менин башка айтарым жок.

– Болуптур, таарыныч өз жолу менен кетсин дейли, анын өзү деле мыйзам ченемдүү болсо керек. Акыркы жылдарда адабият чөйрөсүндөгүлөр бири-бирин тааныбай калбадыбы?

– Бул айтканыңа кошулам. Айтматовдун ким экенин билбеген муун өсүп келатат. Илгери, биз студент куракта Бектурсун Алымов деген агайыбыз: “Тапшырган факультети – кыргыз филологиясы, жазганы – сочинение, анан эле Токтогул кедей-кембагалдын ырчысы болгону аз келгенсип, анын колуна автомат карматып, Берлинге туу сайдырган абитуриенттер да болду” деп кейип калчу эле. Анысы кандай Айтматов да унутулуп баратат, адабият чөйрөсүндөгүлөр да бири-бирин тааныбаганы, бири-бирин окубаганы, бири-бирине кызыкпаганы өкүнүчтүү нерсе. Акын-жазуучу болом деген адам адабий китептерди калтырбай окуп, күн сайын өзүн-өзү бүлөп турбаса, андан жакшы акын же жазуучу чыкпайт. Бүгүн дүйнөлүк адабият болуп көрбөгөндөй өстү. Жаңы агымдар пайда болууда. Кошуна Кытай дүйнөлүк адабиятка Нобель сыйлыгынын эки лауреатын берди. Алардын жазгандарын окуп отурсаң, дене дүркүрөйт. Азыр жазган ырларын чала бүтүрө салып, социалдык түйүндөргө кое салганча шашкандар көбөйдү. Сыягы, социалдык түйүндөгү “достору” “лайк” басып койсо, өзүнө-өзү суктанып калат окшобойбу. Бул өзүн алдагандык. Өсөм деген акын өзүн эмес, башкаларды окушу керек. Биздин муундагылар жаңы китеп чыкты дегенде, аны ошол күнү окуп калмайын уктачу эмес. Азыр антип жаңы китепти кубалап окугандар жок.

– Бул кыргыз улуттук адабий процесси токтоп калганын, кубалап окуганга татыктуу чыгармалар жазылбай жатат дегенди билдирбейби?

– Адабий процесс токтогон жок. Кубалап эмес, башка жазданып окуй турган жаңы китептер да жазылып жатат, адабият да жаңы ысымдар менен толукталууда. Кыргыз сыны аксап турабы дейин десең, сынчылардын адабий сын макалаларын жарыялай турган басылмалар жок болуп жаткандай. Улуттук адабияттын урунттуу окуяларына айлана турган бир топ китептер чыкты. Ар бир доордун, мезгилдин мыкты акын-жазуучулары болот. Мына ошолор улуттук адабияттын жүзүн көрсөтүп, анын тиреги, түркүгү болуп турат. Жазуучулар С.Станалиев, А.Рыскулов, Т.Мадылбаев, Т.Шайдуллаева, М.Сабыров, С.Раев, М.Апышев ж.б.лар акыркы жылдарда кыргыз окурмандарына мыкты чыгармаларды тартуулады. Айталы, жазуучу Самсак Станалиевдин К.Тыныстанов, Ж.Бөкөнбаев, кийинки эле Ч.Айтматов тууралуу тарыхый романдарын башка жазданып окуй турган чыгарма деп айтсак болот. Анын чыгармаларын окуп отуруп, кыргыз сөзүнүн кереметине, күчүнө, шириндигине тан бербей кое албайсың. Адабиятчылар гана эмес, тилчилер да бул романдардын тили тууралуу кандидаттык, докторлук диссертацияларды жактаса болот. С.Раев дүйнөлүк адабий аренага чыкса, Т.Мадылбаевди Россия, Америка тааныйт. Каныбек Иманалиев катуу иштеди. Шайлообек Дүйшеев “Агындыларды” жазды эле, Сазыкбай Турдумалиев “Чамындыларды” жазып салды. Акыркы жылдарда тарых темасында бир топ дурус чыгармалар жаралды. Акбар Рыскуловдун “Атакенин акболоту” не деген сонун чыгарма.

– Прозада ийгиликтер бар экен, а поэзиядачы?

– Мен маселен Фатима Абдалованын поэзиясына өтө жогору баа берем. Бир мезгилде мен сыйлаган жана ар дайым ырларын күтүп окуган Сагын Акматбекова эже да дүркүрөп катуу чыккан. Куду мына ошентип Ф.Абдалова акыркы жылдарда катуу иштеди. Анын ырларын кыргыз улуттук поэзиясындагы өзүнчө бир кубулуш катары бааласак болот. “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” деген ырынын бир сабы эле канча турат. Ал жазгандай, баарыбыз бу жашоону апабыз аркылуу тааныганбыз, а апабызды жоолугунан тааныганбыз. Турар Кожомбердиевдин “Мейли кышта, бурганактын шаңында, // Мейли күздө, мейли жаздын таңында, // Коломтону элестетсем, энекем, // Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында” деген эне жана от тууралуу канаттуу саптары бар эле го. Ошол ырдан кийин эле, Эненин улуулук касиетин чагылдырган ушул саптар болуп калды окшойт. Мына ушундай оттой ысык, энедей бийик саптар улуттук адабияттын уучу кур эмес экенин тастыктайт.

Дегеле акын кыздарыбыз кыйын иштеп жатат. Бактыгүл Чотурова, Бурулкан Карагулова, Бурулкан Сарыгулова, Алтынай Темирова, Сирен Сарбалаева, Назгүл Осмонова, Аида Эгембердиева, Айнагүл Базарбаевалардын ырлары бүгүнкү кыргыз поэзиясынын жүзү десек болот. Элмира Ажыканова деген акын кызыбыз кийинки мезгилде прозада күчүн сынап, жакшы аңгемелерди жаратып жатат. Айтор, уучубуз куру эмес.

– Жигиттерден жокпу?

– Эмнеге жок, бар. Акын Нурлан Калыбеков да улуттук поэзиянын чамгарагын бийик көтөргөн мыкты ырларды жазды. Ошол эле “Сурооканасы” тирүүлүктүн таңы менен кечин, учу менен түбүн аңтар-теңтеринен ачып берген, бүтүндөй бир философиялык ойлорго жыш толгон ырлар жыйнагы болду. Жыргалбек Касаболотов да кызык акын. Эрнис Асек уулу ыр жазса ырды, кара сөз жазса кара сөздү катырат. Экөөнү тең үзбөй окуп жүрөм. Буюрса, бул экөөнүн жазып жүргөн чыгармалары жарыкка чыкса, адабияттагы жаңы кубулуш болуп калышы ажеп эмес. Улукбек Рысалиев деген таланттуу акын бар, ал өзү менен өзү жүрү. Нарынбек Жаманкулов деген акын досум калемин колунан түшүрбөй, окурманды кайдыгер калтырбай турган ырларды жаратканын айтып коюум керек.

– 80-жылдардын ортосу 90-жылдардын башында келген муун такыр эле көрүнбөйт го.

– Эмнеге көрүнбөйт. Аларга акындын көзү менен кароо керек. Спортсмендер аренага чыгып алып, кызыл жаян болуп мушташса, адамдагы айбандык инстинкт ойгонуп кетип, ошолор эле биринчи көзгө көрүнөт тура. Адабият интимдик кубулуш. Акын ырларды акыл-эсинде бышырып, жан дүйнөсүндө жетилтет. Ошон үчүн акындар не менен жашап, нени ойлоп жатканын жанында жаткан аялы же күйөөсү да билбейт. Биздин муундан Дүйшөн Жапаров, Өмүрбек Тилебаев, Нарынбек Жаманкулов, Толукбек Мендибаев, Таалай Нуркемел, Нургазы Ахмедулин, Мезгил Исатов, бизден кийинки муундан Жыргалбек Касаболотов, Эрнис Асек уулу, Атахан Кожогулов, Олжобай Шакир уулу, Марат Токоев, Нурланбек Кайриев, Нурлан Калыбеков, Улугбек Рысалиев өңдүү мыкты акындар бар. Эгер, алардын чыгармаларын 50-60-70-жылдагы муун менен салыштырсак, бул муун “жоголгон муун” аталган менен өтө күчтүү. Ошол эле Дүйшөн Жапаров канча турат.

– Кийинки муундардан кимдердин ысымдарын атайт элең?

– “Атасынан баласы тапан чыгат” деген-дей, улам кийинки муундагы акындар кыйын чыгууда. Элдар Аттокуров, Акылбек Мамадалиев, Мирлан Самыйкожо, Эрлан Жумагазиев, Айжаркын Эргешова, Афина Бакирова, Нарсулуу Гургубаева, Махабат Касенова, Бердибек Жамгырчиев, Лира Камчыбекова, Калича Жакыпова, Улукбек Омокеев, Самара Насырова, Назгүл Нышанбаева, Бермет Закирова, Умар Нусубалиев ж.б. ысымдары тилим учунда эле турган акындардын ар биринин “бүгүнкүнүн Алыкулу, бүгүнкүнүн Сагын Акматбековасы” болууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар.

– Сагын Акматбекова эженин поэзиясын абдан сыйлайт окшойсуң?

– Эженин ырларын ар бир кыргыз сыйлайт деп ойлойм. Анткени эженин чыгармачылыгы кыргыз поэзиясынын бүтүндөй бир доору. Жаш акын кыздарыбызда эженин таасири кадимкидей сезилет. Бир мезгилдер келет, эженин мектеби тууралуу далай сөз болот.

– Улуттук адабияттын уучу кур эмес көрүнөт. Кандай дейсиң, адабиятка мамлекет тараптан колдоо керекпи, же жокпу?

– “Таза коомго” адабиятты өнүктүрүү кошулбай калганы мени өкүндүрөт. Кара курсак тоюнат, рухий бөксөлүктү жоюш үчүн бир кылымдык убакыт керектелип калышы мүмкүн. Рухий жардылык элди абийирсиздикке, уурулукка, каракчылыкка, нарксыздыкка, Абыке, Көбөшчүлүккө алып келди. Рухий кедейчилик өкүм сүргөн жерде түрмөлөр көбөйүп, ынтымак ыдырап, акыр заман жакындайт деп айтышат. Ушунун баары мамлекет үчүн керекпи? Керек болбосо, анда адабиятты колдоп, өнүктүрүш керек. Моцартты сүйүп уккан баладан эч качан кылмышкер чыкпайт дептир бир акылман. Ошол сыңары рухий жактан бай адамдардан ууру-кески чыкпайт.

– Адатта, улуттун тили сыяктуу эле, анын улуттук адабиятын да мамлекеттин атрибуту катары карашат, андай болгондо, улуттук адабиятты өнүктүрүү үчүн эмне кылыш керек?

– Тил менен адабиятты бир бүтүндүк катары караган оң. Чек араны кандай коргош керек болсо, тилди ошондой коргош керек, тилди коргош үчүн улуттун адабиятын коргош керек. Тил жоголгондо чек араң кандай жоюлганын билбей да каласың. Ошондуктан, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча комиссиясын – КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана Улуттук адабият комиссиясы деп кайрадан түзүү керек. Мына ошондо бүгүнкүнүн Айтматовдору жаралат.

– Азыркы калемгерлердин бактысы эмнеде, шору эмнеде?

– Бактысы мурдагыдай цензура жок. Эркиндик бар. Шору ошол эркиндикти пайдалана албай жатканында. Жазуучулук, акындык деген бул кесип эмес, тагдыр. Сага жакшы тагдыр буйруса чыгасың. Бир атактуу эле окумуштуу айтты эле, эми байлар гана жазат деп. Байлар жазмак тургай китеп окубайт. Базардагыларга китеп көрсөтсөң, жылан көргөндөй качышат. Рухий жактан жарды болуп кетишти. Элдин китеп окубаганы-жазуучунун дагы бир шору.

– Поэзияда туткан устатың ким, турмушта туткан идеалың барбы?

–  Поэзияда  бала  кезимен  Алыкулду, Сүйүнбайды, Аманды, Турарды, Жолонду, Табылдыны көп окуп чоңойдум. Студент кезимде Батыштын да, Чыгыштын да, орустун да поэзиясын сүйүп окудум. Турмушта туу туткан адамдарым тууралуу айтсам… Мен поэзияны туу тутам, мен поэзияга сыйынам…

– Акын адамдын ырсыз жашаганын элестете аласыңбы?

–  Эгер  ал  табиятынан  акын  болуп төрөлгөн болсо, анда ырсыз жашай албайт деп ойлойм.

– Жашоонун философиясы эмне?

– Жашоонун философиясы жакшылыктан үмүт үзбөй шүгүрчүлүк кылып, чоң максат көздөп жашашта. Максаттарга жетиш үчүн талбай эмгектенип, ошонун үзүрүн көрүштө. Жүз жашка чыгыш максат деле эмес. Кеп жүз жашка чыкканда эмес, кеп элиңе, үй-бүлөңө эмне кызмат кылдың ошондо. Бай бол, бизнесмен бол. Бирок элиңди, жериңди оңдогонго, келечегин жаркыратканга жардамың тийсин. Тирүүлүктүн жеңиши ошол!

– Бай демекчи эл байларды эле сөгө беришет. Сен буга кандай карайсың?

– Мен деле ошолордун бири болчумун. Бирок буга Адам Смиттен жооп таптым. Ал байларды жаман көрбөгөнгө чакырыптыр. Туура, алар эл үчүн эч нерсе деле жасагылары келбейт. Бирок өз кызыкчылыктары үчүн бир топ нерселерди жасашат. Үй курушат, иш ордун түзүшөт. Университеттерди, ооруканаларды, эс алуу жайларын, деги койчу адам жыргалчылыгына байланышкан бардык шарттарды өз кызыкчылыктары үчүн салганы менен эл ошондон кайсы бир деңгээлде пайда көрө берет дептир. Ошол сыңары ак эмгеги менен байыгандарды кудай колдой берсин. Алар кайрымдуу болууну унутушпасын. Китеп окуп, рухий жактан да бай болушсун деп тилейли. Мага бир жолу раматылык Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев өзүңдү айылдагылар малын бир маал сугаргандай, рухий жактан бир күндө убакыт таап бир жолу сугарып турбасаң, акпаган саз суудай жыттанып кетесиң деп айтты эле. Агып туруш үчүн рухий байлыкка келип, өзүбүздү бир маал сугарып турбасак тез эле бузулуп кетээрибизди унутпасак.