Оттон секирген, айланып бийлеген жолборстор

Мамлекеттик циркте Москвадан келген ага, карындаш Багдасаровдордун шоу-программасы өтүп жатат. Никулин атындагы Москвалык цирк Бишкекке 10-мартта келген. Алардын гастролу 8-апрелде аяктайт. Андыктан, кимде ким орусиялык өнөрпоздордун талантына күбө болгусу келсе, ушул жуманын аягына чейин циркке барып жетишип калыңыздар. Анткени, Багдасаровдордун “13 планета” шоу-программасын көрбөгөндөр арманда калат.

Эске салсак, ага-карындаш дрессировщиктер Артур менен Карина буга чейин Бишкек циркине мындан 9 жыл мурда келип кеткен. Анда көпчүлүк номурларды кыргыз циркинин артистери аткарган. Бул сапар акробаттар, аба гимнасттары бардыгы Москва циркинин жамааты оюн көрсөтүүдө. Залда отурган кичинекейлерди кызыл, көк болуп кийинген клоундар зериктирген жок. Бирде шар үйлөтүп, бирде топ ойнотуп айтор алардын жарпын жазды. Программанын ортосуна келгенде зал балдардын майрамдык  аянтчасына  айланды.  Анткени, бөбөктөр жакшы көргөн самын көбүкчөлөрү аренаны каптап, кадимки жомоктогудай кооз көрүнүшкө ээ болду. Бири бийлеп, бири колчаап, дагы бири секирип өздөрүнчө бактылуу…

Эң кызыгына экинчи бөлүмдө күбө болдук. Дрессировщиктер Артур менен Карина ары көлөмдүү, сүрдүү жолборсторду биринин артынан бирин ээрчитип чыгып, оттон, жиптен секиртип, айлантып бийлетти. Арасында бирөөсү Артур менен тирешип, сес көрсөтүп жетишти. Тап берип, азуу тиштерин көрсөтүп жатып, айтор тапшырмаларды аткарды…. Миң уккандан бир көргөн артык дегендей, Багдасаровдордун талантына өз көзүңүздөр менен күбө болуп кетиңиздер.

Билеттерди Бишкек циркинин кассасынан сатып алсаңыз болот. 4 жашка чейинки балдар бекер кирет. Ал үчүн сиз болгону балаңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып алсаңыз жетиштүү.

Сурап билүү телефондору: 0312 68-18-08, 0555 88-89-94

А.АКИМБАЕВА