Белгилүү акын жана журналист Кемел Бакашов дүйнөдөн кайтты

Кыргыз маданияты менен адабияты оор жоготууга учурады. 2018-жылы 28-мартта 82 жаш курагында белгилүү акын жана журналист, Кыргызстан улуттук жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү, эл агартуунун мыктысы Кемел Бакашов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кемел Бакашов 1936-жылы 24-июлда Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында туулган. Каракол шаарындагы Педагогикалык институтун бүткөндөн кийин Ыбырай Туманов атындагы мектепте өмүр бою мугалимдик кесипте эмгектенген.

К.Бакашовдун калемине таандык “Ата Журт жана махабат” (2007), “Он сегиз жаш” (2010), “Күү залкары Ыбырай Туман уулу” (2011), “Өмүр изи” (2016) аттуу китептери кыргыз журтчулугуна кеӊири белгилүү. Ырлары орус, якут тилдерине которулган. Ал эми “Кыргыз жери” аттуу ырын атактуу ырчы Болот Миңжылкиев Италиянын “Ла-Скала” театрында ырдап чыккан.

«Кыргыз Туусунун» жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат.