29-мартка карата аба ырайы

29-мартта өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18,

Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 15…17 градуска чейин жогорулайт.