Суу ташкындоо коркунучу менен Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди

28-март күнү Кара-Үңкүр дарыясы кирип, суу нугунан ашып кеткен. Натыйжада суу ташкындоо коркунучунан улам Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактагы Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында “Алтын-Була” пахта тазалоочу заводунун аймагын жана 100гө жакын турак-жайларды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Министрликтин адистери техникалар менен жана жергиликтүү 30 тургун дарыянын жээгин бекемдеп жатышат.