Жазуучу Самсак СТАНАЛИЕВ: «Чыңгыз Айтматовду өлүмгө бере албадым»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


– Сизди окурман журтчулугу кыр-гыз интеллигенциясынын залкарлары жөнүндө көптөгөн адабий макалаларды, “Касым Тыныстанов (Чагылгандын көз жашы)”, Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу “Жылдын эң узак күнү” өңдүү тарыхый-биографиялык романдарды жазган калемгер катары жакшы билишет. Жакында эле адамзаттын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” деген роман трилогияңыз жарык көрдү. Чыңгыз Айтматовго, кыргыз эли үчүн касиеттүү адамдын өмүр жолуна кандайча кайрылып калдыңыз? Ички зарылдыктан уламбы же чыгармачылык тажрыйба себеп болдубу?

– Алым жеткен, өз алдынча системалуу түрдө изилдеп жүргөн темаларымдын тегерегинде жазып келатам. Негизги каарманымдын тагдыр-турмушу, эмгеги, адамдык сапаты, анан эң башкысы кыял-мүнөзү менин ички дүйнөмө жакын болсо экен деп самайм. Ансыз деле кыргыздын тарыхый инсандарынын көбүн билип калдым. Айтматовго да ошондой жакындык сезим менен бардым. А бирок буга бир чыгарма жазамын деп барганым жок, анткени андай ой менде жок болчу. Башка адам жөнүндө, мамлекетибизди негиздеген тарыхый инсан тууралуу роман жазсамбы деп түйшөлүү түйшүгүндө жүргөм. Материалдар деле бар эле. Анан Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда (Кыз кайып)” романын автордун сунушу менен которуп калдым. Мындай сунушту мага ал киши өзү айткан жок, академик Абдылдажан Акматалиевден өтүнгөн экен. А кезде ал киши Люксембургда болчу. Анын үстүнө “Касым Тыныстанов (Чагылгандын көз жашы)” романымды Чыкемдин жактырган жайы бар эле. Анан 2008-жылдын 10-июнунда Жер менен Көктү бириктирген кабар болду.

Ушундан жыл айландыбы же жокпу, айтор, Абдылдажан Акматалиев “Чыңгыз Айтматов жөнүндө роман жазбайсыңбы, сенин колуңдан келет эле” деп кеңеш салып калды.  Күткөн  эмесмин,  чочуп  кеттим.  Жөн айтылган сөз катары кабыл алдым, “жаза албайм го” деп койдум. Экинчиден, Айтматовду ким жаза алат? Жазса кантип жазат? Ушинтип ойлоно бердим. Ошол ошол боюнча калган. Анан 2012-жылдын август айынын жыйырмалары болсо керек, Абдылдажан Акматалиев мен унуткан ишти кайрадан айтып, Чыңгыз Айтматовду колуна калем кармагандар туш-туштан жаза баштайт, ыйык теманын кадырын кетиришет деп калды.

Чынын айтканда, Айтматов жөнүндө жакшы эле билгендердин бири болушум керек. Адабияттар, маалыматтар бар. Өзүмдү “Кассандранын эн белгисинен” башка чыгармаларын кайра-кайра кайталап окугандардын катарындамын деп ойлочумун. Анан баш байлоого бардым.

– Ички зарылдык жаралган экен да?

– Жок, Чыңгыз Айтматов жөнүндө материалдарды, анын чыгармаларын башынан баштап окуй баштадым. Анын үстүнө Казат Акматов да: “Сен жазгының, адабиятыңды, тарыхыңды жанагы архив дегениңди билбеймин, мен жазсам эскерүү жазам”, – деди. Жанга баткан жалгыз жолго түштүм да, даярдыгым бүткөн соң, Чыңгыз Айтматовдун бейит башына барып, жол сурап, куран окуттум.

…Жазып жатканым менен жазылбай койду. Үч жолу баштап, үч мертебе аскага барып такалдым. Акыркысында 68 бет жаздым. Роман көкүрөк-көөнүмдө турат, а бирок анын музыкасы, көркөм ыргагы, б.а. поэтикалык ансамбли жаралбай койду. Жазып жатканым менен жазылбай койгон соң, “бул менин колумдан келбейт экен” деп өзүмдү өзүм жектеп жүрдүм. Калем кармагандан, кагаз карагандан корком. Авторучкам чаяндай, ак кагазым жыландай туюлат. Жазсам эле кимдир бирөө атып салчудай боло берем. Жандуу ооруга кабылгансып жүргөн күндөрүмдүн биринде жин тийгенсип бирөөгө кекене ачуум келип, сүйүү жөнүндө, сүйүүнү жек көрүү туурасында ырларды жазып кирдим. Жеткен дагы, жетпеген да бактылуу дегендей, сүйүү жөнүндө ырлар эмес, жек көрүү сүйүү жөнүндө ырлар жазыла баштады.

– Чыңгыз Айтматовдун сүйүү тагдыры жөнүндө да жаздыңызбы?

– Жок, анда башкача болмок да, жалаң эле жан алчудай жек көрүү болуп туруп алды. Чыкем жөнүндө роман жазам деп ырымдап койгон авторучкам менен эмес, башка, күнүмдүк кара жумушка салчу ручкам менен иштедим. Ыр жазганым да түгөнчүдөй болуп баратат. Эми эмнеге ачууланышым керек, эмнени, кимди жек көрүшүм керек деп жүргөнүмдө түш көрдүм. Кадимки эле Улуттук илимдер академиясында экенмин. Экинчи кабаттын күн тийген жагындагы кенен кабинетинде терезени карап отурам. Төрдө Ашым Жакыпбеков, менин маңдайымда Абдылдажан Акматалиев. Чыңгыз Айтматовго байланыштуу бир иш жасамак экенбиз. Чоңубуз Жакыпбеков окшойт. Абдылдажан: “Менин тиякта да ишим бар, көбүн Самсак иштесин, Самсак жакшы билет, жакшы жазат” деп мени мактап, Ашыкемди алдап жатат. Ошо маалда Чыңгыз Айтматов бир жигит менен менен кирип келди. Колундагы кагаздарды мен отурган столго коюп, аларды бөлүштүрө баштады. Акматалиев айтып койгонбу же жанагыл сөзүн укканбы, айтор тигил экөөнө аз эле кагаз берди. Мага болсо аябагандай көп кагаз берди. Анан кырмызы сыя менен бир нерселер жазылган кагаздарды дагы берди. “Булар сага керек болот”, – деди, Чыкемдин жазгандары экен, а кишинин кол жазмасын билчү элем. Столума кагаз батпай калды.

– Жазылгандар эмнелер экен? Өзүнүн чыгармаларынын кол жазмасыбы?

– Билбейм, Чыкемдин жазгандарын колума алып, карагым келет, а бирок жанымда турган а кишиден ийменем, булар эмнелер деп сурай да албайм. Сүрдүгүп турдум. А кишинин мага берген кагаздары кадимки барактардай эмес, гезит өлчөмүндөй барактар. Мунун бардыгын качан бүтөм деп чочулайм. Абдылдажан тийип-качып иштесе, Ашыкем текшерүү менен алектенсе, а мен эле жалгыз жазамбы, анда качан бүтөмүн деп толкунданып жатам, Чыкеме ушуларды айтайын деп, а кишини жал-жал карап коем. Ал аңгыча Чыкем: “Самсак, сен мындай ручка менен жазасың да”, – деп авторучка берди. Аябай сонун, аябай назик, уч жагы алтын буусуна карматылгандай, а негизи мала кызыл экен. Аны көргөндө кылыч мизинде турган абалым качып кетти, тим эле энесин көргөн жаш баладай сүйүнүп калдым. Чыңгыз атабыз да менин кубанып турганыма ыраазы боло жылмайды. Ойгонуп кеттим. Түнкү саат төрттөн бир аз убакыт өтүптүр. Бул менин убактым болчу.

– Анан эмне болду? Шыр эле жазылып кеттиби?

– Романым көкүрөгүмдө жазылып калган. Мен аны кагазга гана түшүрүшүм керек эле. Жазуунун ошол жери мени зынданга салып туткундап, кыйнап туруп албадыбы? Бир нерсе жазарымда, адегенде дилимде бышырып, анан көкүрөгүмө көчүрөм, бул узак убакытка созулат. Анан кагазга жазам, жазуу ишинде анча деле кыйналбайм. Адегенде чыгарманын баш жагын жазам да, белгилүү жерге келгенде, башымдан байланып, жазбай коюуга мүмкүн болбой калган чыгармачыл абалга жеткен кезимде аягын жазам. “Акжарыктын айыкпаган сыныгын” да ошондой кылдым. Роман “Саманчынын жолундагыдай” диалог менен бүттү. Ачыгы Чыкемдин бейит башына таң ойгонор маалда Бүбүсара эже келет, экөөнүн диалогу менен чыгарманын аягына чыктым.

– Кандайча? Роман андай диалог менен бүтпөйт го?

– Ооба, андай болбой калды. Шер байлаган үмүтүмдү үзүп алдым…

– “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” “Саманчынын жолундагыдай” эмес, “Ак кеменин” аягындай, тактап айтканда, Чыңгыз Айтматов самолёт менен Татарстанга баратканда эсинен танып, анан көзүн ачса, “Атабейитке” бараткан болот. Алдынан “Ак кемедеги” бала тосуп чыгып: “Арыба, Чыңгыз ата, келдиңизби? Ысык-Көлдүн астына кеттик, Момун таятам күтүп жатат”, – деп алып кетет эмеспи, ошол тейде бүтсө не болот эле?

– Туура айтасың. Ошондой болуп калды. Жанагыл диалогду айткандан кийин негизги текстти улантып жаза баштадым. Жыргап жазам, диалог-марага чейин ойноп жетем дедим эле, негедир моло таштай мостоюп туруп алдым. Бул жолу ак кар, көк муздун астында калдым. Жазбай койбой же жазгандан кийин… эми чындап өкүндүм, ичимден сындым. Жазылып жатып, жазылбай калган, чыгармаңдын аягын бүтүрүп алып, бүтпөй калган абалда жашаган өз жаныңды өзүң жеп алгандай азап экен. Ошондо үйдө отуруп алып, Абдылдажан Акматалиевди алымдын жетишинче сөгө бердим. Анан Ашым Жакыпбеков түшүмө кирди. Ал менин чыгармачылыктагы устатым эле. “Сага берип кой деди”, – деп сен айтып жаткан “Ак кемени” колума карматты. Аларым менен негедир аягын окудум. Адам үмүтү менен, ачыгы, Баланын баладай таза үмүтүнүн жашоо үчүн болгон күрөшүнүн трагедиясын окудум. Окудум деп жатам, чыгарманын аягын ошондой кабыл алдым да, романымдын аягын сен айтып жаткандай бүтүрдүм. Оптимисттик трагедияга ыйык бардым.

– Чыңгыз Айтматов сиздин романыңызда кайып болуп кеткендей таасир калтырат го? Эмне үчүн мындай сырдуу подтекстке бардыңыз? Турмуштагы чындык кандай болуп калат?

– Кандай болуп каларын билбейм. Менин көркөм чындыгым ошондой болуп калды. Жер үстү дүйнөдөн Жер асты дүйнөгө кеткен жок, Теңир дүйнөгө кетти, кайып болуп кетти. Бул байыркы кыргыздардын даанышмандык ой жүгүртүүсүндөгү философиялык түшүнүк. Чыкебиздей касиеттүү адамдарды жамандыкка кыйбагандыктан, эми андай кишибиз жок деп айтышкан эмес. Ал адамыбыз бар, үч дүйнөнү кыдырып жүрөт, бизди да, башкаларды да колдоп жүрөт деген жана адам баласын жамандыкка кыйбаган ыйык түшүнүгүбүздөн улам жаралган философиябыз болсо керек. Ушундан улам кыргыз эли эзелтен бери элдик адамдарын, баатырлары менен даанышмандарын кайып болуп кетти, эми ал үчүнчү дүйнө – Көкө Теңир дүйнөдө жашайт дешкен го. Анын үстүнө Теңири жактыргандарды Теңир өзү жашаган дүйнөгө алып кетет экен деген түшүнүк да болгон. Чынымды айтайын, бала чакта жакшы эле тентек элем, а бирок табиятымдан жумшак, тартынчаак адаммын деп ойлойм. Ошондой табиятымдан улам го, Чыңгыз Айтматовду өлүмгө бере албадым. Мен окурмандарымдан кечирим сурайм, анткени кулаган аскадай тарыхый факт – 2008-жылдын 10-июнундагы эл менен жерди, асман менен сууну боздоткон азанын ач албарс кылычы моюнумда турса да, жалгыз талдай жалдыраган чындыкка мен байкуштун жетим калган жан дүйнөсү, түгөйүнө ок тийген көгүчкөндүн көз жашынын тамчысындай болгон армандуу жүрөгү бара албай койду. А балким өмүрүмдө бир жолу, бүт дүйнө билген, бүт дүйнө эли ыйлаган тарыхый чындыкты жетим кыздай боздотуп туруп, ооба, боздотуп туруп, Чыңгыз атабызды өлүмгө бербей коюп эрдик жасадым окшойт.

Ушул маселеге жана “Ак кеме” повестине байланыштуу бир салыштырма ой айткым келип турат. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын аягы бизди биздин социалисттик реализмибиз рокурордой талап кылган оптимизмге түптүз, эч тоскоолдуксуз алып барат. Бул канткен менен залкар жазуучунун азыткыга алма берип алдагандай акылман айлакерлиги, акыл жеткис чеберчилиги болуп саналат. Ошол оптимизм биздин азыркы түшүнүгүбүздө улуулуктун оптимизми. Повестте ошол эки түшүнүктөгү оптимизм менен адам тагдырын талкалаган, адам жүрөгүнө кол салган трагедия бар. Бул трагедия бизге улуу оптимизмди жараткан трагедиялуулуктун трагедиясы. Жок, бул жөн эле катардагы трагедия эмес, ал улуу оптимизм менен теңтайлаша тирешип турган улуу трагедия. Эгер ушул ой жүгүртүүм туура болсо, анда “Ак кеме” улуу трагедия менен улуу оптимизмдин ширелишинен жаралган чыгарма. Менин жеке ниет-пейилимде мен дагы ушул жолго бардым.

– “Касым Тыныстанов (Чагылган-дын көз жашы)” романыңыздан кийин адабий чөйрөдө Аалы Токомбаев менен Касым Тыныстановдун ортосундагы келишпес мамиленин берилишинен улам айрым адамдар сизге сын айтышкан эле. Мындай болушу күтүлгөн иш болчу. Анткени кыргыз адабиятынын тарыхы ошондой татаал, ары талаштуу, ары карама-каршылыктуу факт-маалыматтарга бай эмеспи. Анын үстүнө сиз мурда айтылбаган, чындыгы анык жазылбаган, жашырылган тарыхка кирип кетпедиңизби. Жаңы роман трилогияңызда да ошондой кырдаалдар, окуя-фактылар барбы? Дагы сын айтылса, дагы эле унчукпай коесузбу?

– Ооба, кыргыз тарыхы, айрыкча кыргыз адабиятынын тарыхы татаал. Сыдыргыга  салгандай  маалыматтар  жок.  Жазуучулар  союзунун  кагаздарынын  көбү 1937-жылы жаңылбасам, 14-ноябрь күнү, имарат өрттөнгөндө күйүп кеткен. Айрымдары “киши колдуу” болгон. Бул романымда ал мезгилдин тарыхы жок, жазуучулардын 50-жылдардан, Чыңгыз Айтматовдун адабиятка келген учурунан кийинки тарыхы айтылат. Ачык айтыла элек жаңы факт-маалыматтар бар, алар документтерден, жазма булактардан алынган. Профессионал сынды кабыл алам, ал эми шыбырашма күңкүл сөздөргө көңүл бурбайм. Андай сөздөргө жооп берүүнүн ордуна жаңы макала жазып алганым пайдалуу го.

“Касым  Тыныстанов”  романымдагы Тыныстанов  менен  Токомбаевдин  мамилеси боюнча белгилүү адабиятчы, менин агайым Качкынбай Артыкбаев бул чыгармага сын макала жазат го деп ойлогом. Анткени ал кишинин Токомбаевге болгон урмат-сыйы чексиз эле. Ушундан улам роман жазылып жатканда агайымды эсимден чыгарган жокмун, ал киши менин маңдайымда карап турду. Артыкбаев агай Токомбаевдин тагдыр-турмушун, ишмердүүлүгүн эң сонун билчү.

Экинчиден, бул маселелер окумуштуу адабиятчынын илимпоздук, адабиятчылык тагдыры болуп калган. Ушундан улам ал кишиден сын макаланы күткөм, бир жактуу болсо да ага мен даяр болчумун. Андай болгон жок, негизинен жакшы пикирин билдирген макала жазды. Түпкүлүгүндө мен калыс, профессионалдык деңгээлде жазылган сынды жакшы түшүнөм, адабият боюнча жогорку билимим бар, анын жазуучуга берер сабагын да билем. Кадимки Кеңешбек Асаналиев агай бир жолу өзүнө карата сындалган автор тарабынан асылган маанайдагы чаарбаш макала жарык көргөндө жооп бериңиз деген өтүнүчкө, кайдыгер гана: “Жолборс эч убакта кабанаак жана өзүнүн ээсине куйругун такаган айдакчы итке кол салбайт, анткени бул анын сырттандыгы”, – деген. Эмне дейсиң, акылмандык деген ушул да.

– Эми Аалы Токомбаевдин өзүнө келели. Сиздин мурдагы романдарыңызда Токомбаев эски түшүнүк менен айтканда, терс каарман өңдөнүп сыпатталчу эле. Ал бул романыңызда да бар. Окурманга ал кандай каарман катары таасир калтырат?

– Жок, Токомбаев менин мурдагы романдарымда эч кандай терс каарман болгон эмес, азыр деле ошондой. Кайсыл бир негизги каармандарга болгон мамилеси, көз карашы боюнча гана ушинтип ойлоого болот. Ушундан улам аны жеке турмуштагы эмес, трагедиядагы  трагедиялуу  каарман,  балким “Акжарыктын  айыкпаган  сыныгында”  да ошондойдур. Жазуучулардын чыгармачыл адабий кармаштары бар. Кыргыз адабиятынын тарыхындагы тарамыш түйүн кармаш “Ленин тууралуунун” кол жазмасынан улам Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин ортосунда башталып, Сагымбайдын “Манасы” боюнча Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовго жеткен чоң тарых өткөн. Мен чыгарманын автору катары темамдын негизги багыты менен адабиятыбыздын өнүгүү жолу боюнча тарыхтан жана тарых принцибинен, жазма булактардын чындыгынан сыртка чыкканым жок. Ушул жагдайдан алганда ал трагедиядагы трагедиялуу каарман. Чынында кыргыз адабиятынын тарыхы Токомбаев менен кызыктуу, татаал, карама-каршылыктуу, трагедиялуу. Аалыкем өзү көп ирет баса белгилеп жазгандай, ал өмүр бою “идеологиянын солдаты” болду, бирок классикалык чыгармалары менен кыргыз адабиятынын тарыхында залкар талант катары калды. Ал эми Чыңгыз Айтматов интеллектуалдуу жазуучунун ички бийлиги, рух дүйнөсүнүн эрдиги менен жашады. Айтор Айтматов жөнүндөгү романымда тарыхый чындык окуя маалымат-фактылар аркылуу ачылды.

– Чыңгыз Айтматовдун жеке тагдыр-турмушу, чыгармачылык жолу трагедиялуу эмес да?

– Гениалдуу таланттар эч качан, эч убакта бактылуу болушкан эмес. Эгер Айтматовду гениалдуу жазуучу десек, анда ал дагы тагдыр дегендин дал ошондой жолун басып өттү. Анткени ал бир адамдын – Чыңгыз Айтматовдун тагдырын эмес, адамзат тагдырын көтөргөн адам. Ушул ыңгайдан караганда, кандай айткан менен Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы, тагдыр-турмушу кыргыз жазуучулар тарыхындагы драмалуу, драмалуу эле эмес, трагедиялуу чыгармачылык тагдыр. Анткени, ал адам тагдырын, адам тагдырынын татаалына кеткен кыйма-чийме трагедиялуулугун жазган сүрөткер катары дүйнө табиятынын сан кылым баткан тарыхына кирген. Ошол үчүн биз Чыңгыз Айтматовду улут адабиятын кайра жаратуу менен бирге өз мезгилинин гана эмес, бүтүндөй кыргыз маданиятынын байыркы кыргыз рухунан өзүнүн чыгармачылыгынын гүлдөө мезгилине чейинки тарыхый узак доорду – даңазалуу Айтматов доорун бүт дүйнөнүн сөз өнөрүнө жаратып берди. Дал ушул себептен биз бул мезгилди – Чыңгыз Айтматов доорун кыргыз адабия тынын дүйнөлүк мааниге ээ болгон Айтматов доору деп санайбыз. 19-кылымдагы орус адабиятынын кайра жаралышы Толстой, Достоевский, Тургенев, Некрасов, Белинскийдин чыгармачылыгы менен түздөн түз байланыштуу болгон эмеспи.

– Сиз трагедия менен сүйүүгө келгенде өзгөчө эргүү менен жазган жазуучусуз. Ушул ыңгайдан алганда, бул романыңызда Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын махабаты кандай жазылды экен? Жазып жатканда өзүңүздү кандай сездиңиз?

–  Мага  суроонун  акыркы  бөлүгүнө жооп бериш кыйын. Ошол жагынан баштап көрөйүн. Жазар алдында, кандай кыйналсам, жазып жатканда андан да жаман азап чектим. Кандайдыр бир себептерден улам баш кошпой калгандардын тагдырын жазууда мен да ошолордун арман-муңуна түшөм, ошолордун жазмыш-жашоосу менен жашайм. Ал экөөнүн махабатына мен күнөөлүү болгондой болдум. Анткени автор катары бир туруп Айтматов болдум, Чыңгыз Айтматов болуп туруп, кайра эле Бүбүсара Бейшеналиева болуп жаттым. Жалгыз адам жалгыздыкта жалгыз калган учурда, жалгыздыкта жалгыз эмес адамга жардам бериш тозоктон да кыйын иш экен. Не дегенде Бүбүсара Бейшеналиева бул дүйнөнүн арман-муңу менен кубаныч ырын угуп жүрүп бир сөздү, бир дүйнө менен бир өмүрдө бир гана жолу айтылчу сөздү уккусу келип эңсесе да угалбай жүрүп уксам экен, жалдыраган жалгыз өмүрүндө бир гана жолу уксам экен деп Кудайынан эркек бала тилегендей тилеп жүрүп, тилеги сынып, күзгүдөй тунук үмүтү талкаланып бу дүйнөнү таштап кетти. Ал эми Чыңгыз Айтматов жалгыз эмес туруп өзүнүн жан дүйнөсүндөгү жалгыздыгын жүрөгү канап, жүрөгү самап турганын айтыш үчүн өзүн-өзү каш кагымга да жеңе албады. Анын жалгыздыгы сүйлөп туруп дудук, угуп туруп дүлөй болгон жалгыздык болчу. Ошол себептен ал жалгыздыкта жашап туруп, бу дүйнөдө теңдеши жок, а бирок келеринен кечигип келген улуу махабаты менен, жалгыздыктын тагдыры менен айласыз жашап жүргөн. Бул жалгыздык Айтматовдун махабатына тил бүтүрүп сүйлөттү, сөз да берди, кулагын да ачты, анткени менен анын тагдыры жалгыздыгын жеңе албай койду. Аны Чыңгыз Айтматов Бүбүсара Бейшеналиева дүйнөдөн өтөр алдында, дүйнөдөн өткөндө жана андан кийин ансыз жашаган өмүрүндө гана өкүнө өксүп түшүндү, өкүнө өксүп туруп, жалгыздык эмне экенин көрдү. Ушунун башына түшкүс азабы менен тагдырына айланган арман-муңун көзү өтөр өткүчөктү тартты. А бирок ал “Жамийла” повестин эмне үчүн, кантип, кандайча жазганын түшүнүп кетти. Адатта сүйүүгө жеткен дагы, жетпеген да бактылуу деп көңүл улап коебуз го. Кыргыз элинин кайталангыс эки залкары бул романда сүйүүгө жеткен дагы, жетпеген да, анан сүйө алган жана сүйдүрө алган улуу адамдар катары улуу тагдырдын трагедиясын жаратышат.

– Жана сиз айткандай оптимисттик трагедиябы?

– Жок, бул оптимисттик трагедия эмес го, менимче трагедиялуулуктун көмүскөдө калган трагедиясы деген оңбу дейм. Романдагы негизги каарман саналган Мухтар Ауэзовдун тагдыры да ушундай. Жогорудагыдай кырдаалдардан улам, мен Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын муң-армандуу сүйүүсүн эле эмес, дүйнөдөгү эң улуу, эң таза махабатты, ошол махабаттын эң ыйык, эң бийик, анан, албетте, эң бактылуу тагдырын өкүнүп да, өксүп да, кайгырып да, айтор алым келишинче жаздым. Ал анткени мен окурман катары сүйүү деген жек көрүүнүн тагдыры, а жек көрүү болсо сүйүүнүн тагдыры болуп калган чыгармаларды жактырчу элем. Эми…

– Маегиңизге рахмат.