Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев жолугушту

Кечээ, 28-март күнү, өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев жолугушту. Бул тууралуу маалыматты өлкө башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

Анын айтымында, Жээнбеков президеттик кызматка келгенден бери экс-өлкө башчысы менен бир нече жолу кезиккен.

Жолугушуу маалында алардын эмне тууралуу сөз кылганы айтылган жок.

Баса, буга чейин Социал-демократтар партиясынын (КСДП) съезди ушул жылдын 31-март күнү өтө турганы белгилүү болгон.  Анда Атамбаевди партия лидери кылып шайлоо маселеси каралары айтылган.

Булак: Спутник