Депутат KG сериясындагы номерлерди кайтарып берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов KG сериясындагы номерлерди кайтарып берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

— Машине жана башкалардын баары кетти, мейли. Бирок KG номурду кайтаруу керек болуп жатат. Эл өзү шайлаган депутаты келдиби же жокпу, билиши керек.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары унаалардан жана атайын номерлерден баш тартышкан, ал эми өкмөттө болсо алар калган.

Эске сала кетсек, мурда парламенттин депутаттары атайын унаалардан жана KG сериясындагы номерлерден баш тартышкан.