Чет жатка каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүүгө жыл сайын 5 млн. сом бөлүнүүдө

Былтыр Кыргызстанга 171 мигранттын сөөгү келген. Мындай маалыматты бүгүн парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдөн сөөгү келген маркумдардын басымдуу бөлүгү Россия каза болгондор түзөт, андан кийин Казакстандан, ошондой эле алыскы чет өлкөлөрдөн келген.

Мамлекеттик миграция кызматына караганда, чет өлкөлөрдө каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүүгө бюджеттен жыл сайын 5 млн. сом өлчөмүндө каражат каралууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *