30-мартка карата аба ырайы

30-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Тоолуу жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…5°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 25…27 градуска чейин жогорулайт.