Россия АКШнын 60 дипломатын өлкөдөн чыгарып, Петербургдагы консулдукту жабат

Россия Американын 60 дипломатын өлкөдөн чыгарып, АКШнын Санкт-Петербургдагы консулдугун жаба турганын РИА Новости агенттиги билдирди.

РФ Тышкы иштер министрлигинин маалымдашынча дипломаттар 5-апрелге чейин өлкөдөн чыгып кетиши керек.

Буга чейин АКШ бийлиги «Скрипалдын иши» боюнча Улуу Британияга тилектештигин билдирип Россиянын 48 дипломатын жана БУУдагы Россиянын 12 кызматкерин өлкөдөн чыгара турганын айтып, РФтин Сиэтлдеги консулдугу жабыла турганын маалымдаган. Россиянын дипломаттары 2-апрелге чейин АКШдан чыгып кетиши керек болчу.

«Тең алакалуулук принцибине таянып, жооп катары АКШнын Москвадагы элчилигендеги 58 дипломаты менен Екатеринбургдагы эки кызматкерди дипломатиялык статуска туура келбеген иштер менен алектенгени үчүн персона нон-грата деп жарыяланган. Алар Россиянын аймагынан 5-апрелге чейин чыгып кетиши керек», — деп айтылат маалыматта.

РФ Тышкы иштер министри Сергей Лавров Американын элчиси чакырылып, АКШга карата көрүлгөн чаралар жана өлкөнүн Санкт-Петербургдагы башкы консулдугунун иштөөсү боюнча макулдуктун чакыртып алынышы боюнча маалымат берилерин айткан. Ал ошондой эле Вашингтондун аракеттерин кайталаган өлкөлөргө да ошондой эле жооп берилерин кошумчалаган.

Булак: Спутник