Өрт кырсыгын алдын алуу өзүбүздөн

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Россиянын Кемерово шаарында болуп өткөн өрт кырсыгы, анын кесепетинен көп адамдардын, айрыкча жаш балдардын мерт болушу Кыргызстанга да сабак болушу керек. Фактыга кайрылсак Бишкек шаарында эле 40га жакын ири соода борбору бар, ошондой эле балдарга оюн-зоок көрсөтүүчү жайлар дагы арбын. Кемероводогу дене-бойду дүркүрөткөн өрт кырсыгынан кийин, биздеги мындай жайларда өрт коопсуздугу канчалык деңгээлде сакталган деген ойлорго алдырбай койбосуң. Тилекке каршы бул ири соода түйүндөрү, эл көп кирген тейлөө көрсөтүүчү жайлары жеке менчикте болгондуктан, өрт кырсыгына каршы күрөшүүчү мамлекеттик органдар жылына бир гана жолу текшерүүгө укуктары бар. Демек, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы да чыгып жатат. Анткени мындай жайлардагы өрт коопсуздугунун сакталышы адам өмүрү менен байланыштуу экендигин эстен чыгарбасак.

Ал эми Кыргызстандын өрт кырсыгына каршы күрөшүүчү мамлекеттик органдарына айрым суроолор менен кайрылып төмөнкүдөй жооп алдык.

Анара Мамбеталиева, Мамлекеттик экотехинспекциясынын басма сөз катчысы:

«100дөн ашуун соода комплекстери текшерилди»

—  Мамэкотехинспекциянын  Өрт көзөмөл башкармалыгы эл көп каттаган жайлардагы өрт коопсуздугунун сакталышы боюнча кандай аракеттерди көрүүдө?

— Кыргыз Республикасында 150гө жакын ири соода-базарлары, 50гө жакын соода, оюн-зоок комплекстери бар. Бул майда базарларды жана соода түйүндөрүн кошпогондо. 2017-жылы жана 2018 жылдын 1-кварталында 100дөн ашык соода комплекстери өрт коопсуздугуна карата текшерилип чыккан. Өрт коопсуздугу талаптары аткарылбагандыгы үчүн 46 жеке ишкер административтик  жооп керчиликке тартылып, базар ээлерине 820 миң сом, ири соода комплекстерине 200 миң сом, жалпысы 1 млн сом айып пул салынган. Анын ичинен Бишкек шаарында жайгашкан 19 соода-базар жана оюн-зоок комплекстери текшерилип чыгып административтик чаралар көрүлүп 80 миң сом айып пул салынды.

Мындан сырткары Мамэкотехинспекциянын Өрт көзөмөл башкармалыгы ӨКМ менен биргеликте республика боюнча соода-базар комплекстеринде жана массалык эл чогулган жайларда өрт өчүрүү боюнча машыгууларды өткөзүүдө. Тактап айтканда 2018 — жылдын март айында республика боюнча 7 чоң базарда өрт өчүрүү боюнча машыгуулар өттү.

Элмира Шерипова, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын катчысынын милдетин аткаруучусу:

«Азыркы курулуштар өтө тез күйүүчү материалдардан салынууда»

— Биздин жарандар табигый же тех-ногондик кырсыктарда өздөрүн кандай алып жүрүүнү билшпейт. Бул багыт-та министрлик кандай иштерди алып барууда?

— ӨКМ тарабынан жалпы табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу багытында калкты окутуу, тактикалык жана командалык машыгууларды уюштуруу иштери мерчемделип, жыл сайын аткарылып келет. Ага ылайык министрликтин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун адистери аймактарга чыгып, жылына 40000-50000ге жакын жарандарды, өзгөчө кырдаалдарда өзүн өзү алып жүрүү эрежелерин окутушат.

— Соңку мезгилде өлкөбүздө 24-кабатка  чейин  көп  кабатуу  үйлөр  курулууда. Кокус алардан өрт чыкса өз учурунда өчүрүп калууга техникалык мүмкүнчүлүгүбүз барбы?

— Бизде 50 метр бийиктиктен сактоо-куткаруу  иштерин  жүргүзүүчү  жана  өрт өчүрүүчү АКП-50 автоунаабыз бар. Бишкек шаарында 2016-2017 жылдары бир нече ирет ири өрттөр катталган, өрт-куткаруу бөлүмдөрү өз учурунда жарандарды эвакуациялап, өрттү өчүрүү аракеттерин өз талабына ылайык аткарылып келүүдө. Маселе башка нерседе болуп жатат, азыркы учурдагы көп кабаттуу үйлөр өтө тез өрттөнө турган куру-луш материалдарынан салынууда. Ошондой эле өрт өчүрүү унаасы ошол турак жайларга жакын бара албаган жагдайлар кездешет.