“Эстрада жылдыздары албарстылар менен толукталабы?”

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”


Ал өткөн кылымдын 90-жылдардан бери карай кыргыз искусствосуна батыштан оогон эстраданын таасири күчтүү болуп, мааниси супсак жазылган, чала-чалбырт дүңкүлдөгөн ырларга толуп эле калган. Азыр албарсты аралашкан ырлар чыга баштаганына таң калдык.

Өздөрүн заманбап, саркеч, сулуу жана билимдүү сезген үч кызыбыз албарстынын артынан атактары чыкты окшойт. Болбосо алардын ким экенине ким кызыгып жатат дейсиз. “Супер инфо” гезитине берген маектеринде, аларды көчөдөн көргөндөр “албарстылар” деп сөөмөй көзөп калышканын жашырышкан эмес. Мындай маанисиз клипти талкууга алып, мактап, пикир жазышкан жаштарыбыздын ырга болгон көз караштары өзгөрбөй эле, ырдын сөзүнө сугарылып, аны жашоодо көп колдонуу менен сөз байлыктары байып жаткандай.

Биз дагы, алгач ырдын текстин сунуштай кетели.

Күндө кечинде жатам чечинип,

Мени билбей калат го деп,

Келет бекинип, ал, ал, менин үстүмө чыгат,

Үстүмө чыгып алып анан башталат.

Албарсты мени басты, анан мен аны бастым.

Кыздарды да мен басам, балдарды да мен басам,

Карысын да, жашын да, жада калса эчкини…

Ажылдаган тажаал аялдарды, “ай, тетиги албарсты аял экен деп калышат, себеби биздин элестөөбүздө албарсты ошондой апсыйган, чачы жайылган коркунучтуу көрүнөт. Аны түшүндө көргөндөр кармап алгам деп жомок кылып айтып келишет. Уйкусу качып, ооналактап туура эмес абалда жатып калган адамды албарсты басат, же үйдүн ичи таза эмес, кирге толуп турса же ал үйдө ичимдик көп ичилип, чыр-чатактар болуп үйдүн аурасы бузулса, ал жерде сөзсүз албарсты жашайт деген түшүнүк бар.

Албарсты жөн эле адамды баса бербейт, ал көп ооруган, илешкен касиеттери бар же таза жүрбөгөн, ичимдик ичкен, шайтаны бар адамдарды басат деп айтылат эл арасында. Ал эми Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө сөздүн мааниси “басырык басты (во сне) душит басырык” деп жазылган.

А албарстыны даңазалап ырдап, ага клип тарттырган үч кыз, албарсты эмне экенин деле билишпесе керек.

Видео-клип интернет баракчаларына жарыяланары менен лайктар басылып, айрымдары жакшы ыр экен, жакты дешсе, кээ бирөө бул жеткен акмакчылык, билимсиздик, эптеп атактуу болуунун жолу деген пикирлерин жазып чыгышты. Жакында ага кино тартылары дагы белгилүү болду.

Жакында бир атактуу ырчыбыз “Азаттык” радиосуна, аткаруучулардын укугу корголбой жатканын билдирген маеги чыкты. Ошондон улам, ырды жазган акын менен обонду чыгарган обончунун укугу биякта калып, жаш ырчыларды албарсты басып, же жакшы ырларды аткарган дарды дагы кошо албарсты басып, укуктары корголбой калдыбы?

Ушул сыяктуу албарсты аралашкан ырлар, клиптер башка ырлар түгөнүп калгандан улам чыгып жатса керек. Болбосо жакшы жазылган акындын ырына, обонуна гонорар төлөгөндөн качып, тигиндей жеңил ырларды жаздырып алышып атактуу болуп жаткандарын билишпейби. Эгерде сырын билишсе, бирок маданият деп күйүшпөсө, эртең ушундай маанисиз ырлары үчүн айрым жаш ырчыларыбыздын бири эмгек сиңирген ырчы болуп калса таң калбай эле коелу.

Видео клипти көргөн айрымдардын пикирин окуй кетели. Алибай аттуу интернет колдонуучу: “Олуттуу, маанилүү, маңыздуу ырларды азыркы заманда эл түшүнбөй турган деңгээлге жеттик. Себеби биздин деңгээлибиз жеңил-желпи нерселерге ылайык боло баштады. Адабий китеп окубасак, рухубуз жарды болсо, каяктагы маани калат. Мындан ары жакшы нерсени күтпөй эле коелу, ушуга окшогон нерселерге таң калбай эле коелу. Мыйзам ченемдүү көрүнүш катары эле боло баштайт”.

Фрунзе деп катталган интернет колдонуучу: “Уялсаңар болбойбу, уят, намыс деген барбы, ХХХ жарыя кылып жатасыңар. «Күндө кечинде, ал (албарсты деп тергеп) мени басты, анан мен аны бастым, үстүнө чыгып деп…. Ыйман жокпу силерде!? Бул ырдын албарстыга тиешеси жок, же уктуңар беле адам албарстыны басыптыр деген кепти!? Бул болгону төшөк оюнун жарыя кылган уятсыйды жыйыштырган жийиркеничтүү сандырак!!! Ыйман, намысы бар болсо ойлонуш керек”.

Ушундай пикирлерин калтырган интернет баракчаларында 24 саат отурган окурмандардын арасында, ой бул жөн эле тамаша ролик экен, жөн эле көрүп коюп басып кетиш керек, тамаша турбайбы деген ойлорун жазышкандар да бар. Кайдыгер бололу десек, биз коомду ушундай ач айкырык ызы-чууга толгон ырлар, видео-клиптер менен тарбиялайбызбы? Эртең албарстыны чакыргандан коркпогон жаштар, шайтанды даңктап ырдап чыгышса, кол шилтеп отура беребизби. Ошондо маданиятыбыз өсүп-өнүгүү жолунда болобу?

One thought on ““Эстрада жылдыздары албарстылар менен толукталабы?”

Комментарии закрыты.