Журналист Чынара Капарова КТРКны соттон уттуп алды

КТРКнын мурдагы алып баруучусу Чынара Капарова каналдын башкы директору Илим Карыпбековду Жогорку соттон утуп алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку сот 26-марттагы токтому менен буга чейин Ленин жана Бишкек шаардык соту чыгарган чечимдерди күчүндө калтырып, Чынара Капарованын мурда ээлеген кызмат ордуна орноштуруу тууралуу доо арызы канааттандырылды. Капарова “Ала-Тоо” маалымат программалар студиясынын баяндамачысы болуп кызмат ордуна барат.

Андан тышкары, КТРК Капаровага иштен алынгандан кийинки 55 миң сом айлыгын жана 5 миң сом өлчөмүндө моралдык чыгымын төлөүүсү милдеттендирилди.

Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков 2016-жылы Капарова маркум Эл акыны Сүйүнбай Эралиевди “Эл баатыры” деп эфирде туура эмес тааныштырганы үчүн иштен алган.