Мурдагы транспорт министри Сулаймановго карата иш токтотулду. Ал издөөдө жүрөт

Мурдагы транспорт министри жана парламенттин депутаты Нурлан Сулаймановго карата кылмыш иши анын издөөдө жүргөндүгүнө байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш жана бажы органдарында тергөө жана ыкчам-издөө ишмердигин көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Абай Молдокматов Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго карата 2012-жылы КР КК 304-беренеси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн айыпталып кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2007-жылы Сулайманов тендер өткөрүүдө өзүнүн туугандарына таандык бир нече компаниялардын кызыкчылыктарын жылдырган.

2014-жылы Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Сулаймановго издөө жарыяланган.

Булак: Кабар