2-апрелге карата аба ырайы

2-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10,

Бишкек шаарында 2-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 13…15 градус жылуу болот.