Бишкек мэриясы айдоочуларды кепке келүүгө чакырды

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары борбор калаанын 12-кичирайонуна чогулуп, өз талаптарын коюшууда. Алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү токтомуна, бирдиктүү форма тууралуу талапка нааразылык билдиришти. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү аялдамадан тышкары токтоп алуу-түшүрүүгө айыппулдун көбөйүшүнө каршылыгын айтышууда:

— Биз таңкы саат 5:30дан тартып иштейбиз. Башкалар сегиз саат иштеп жатса, биз 18 саат иштейбиз. Жолдо МАИчилердин асылганы да биз. Жолдордун акыбалын баарыңыздар билесиздер. Биздин да укугубуз бар да. Биз да бала-чака багабыз деп таңдан-кечке жүрөбүз. Милдеттүү камсыздандыруу, форма дегенди койсун. Формасынын баасы 750 сом, жалаң синтетика. Биз жол акысын көтөргүлө деген жокпуз, биздин талаптар ушулар.

Айдоочулар менен Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий жана жол кыймылын коопсуздугу башкармалыгынын жетекчиси Шаирбек Бопонов жолугушту. Аймакта жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча, вице-мэр айдоочулардын өкүлдөрүн бүгүн саат 17:00дө кабыл алууга даярдыгын билдирип, айдоочулардан ага чейин каттамга чыгуусун өтүндү.

Азырынча сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек.

2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, шаарда автобус-троллейбустар гана иштеп жаткандыктан, эл батпай, аялдамаларга чогулган адамдар көбөйдү. Айрым такси кызматтары бул учурдан пайдаланып, баштапкы баасын көтөрүп жибергенине нааразылыктар айтылууда.

Бишкекте күн сайын үч миңден ашуун маршруттук такси 119 каттам боюнча эл ташууга чыгат.

1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек.

Өкмөт чечиминин негизинде 1-апрелден тарта жүргүнчүлөр жана жүккө болгон камсыздандыруу полиси жок коомдук транспорттордун, кооптуу жүктөрдү ташыган автоунаалардын айдоочуларына 500 сом айып пул салынат же машинелери айып жайына токтотулат.

Чечимге ылайык, жүргүнчү ташыган айдоочулар, таксисттер машинесиндеги ар бир орунду камсыздандыруусу тийиш. Шаар ичинде эл ташыгандар полис үчүн жылына ар бир орунга 136 сом 6 тыйын, айыл-шаарлар аралык, эл аралык каттамга чыккандар ар бир орунга 204 сомдон төлөөсү зарыл.

Булак: Азаттык