Паспорт мафиясынын артында кимдер турат?

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


Кыргыз паспортунун кыйырга тарашы тууралуу айныксыз далилдер менен ар кыл басма сөз каражаттарында маалыматтар жарыяланганы менен андан майнап чыкпагандай. Паспорт берген мекемелердин жоопкерчиликсиздигинен улам, кыргыз элинин жүзүн, жарандыгын тастыктаган документ ар башка мамлекеттердин жарандарына берилип кеткен учурлар кездешүүдө. Буга чейин Стамбулда 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалган. Бул маселе учурунда чуу жаратканы менен анын аягы эмне менен бүткөнү, ага күнөөлүү болгондордун жоопкерчиликке тартылганы коомчулукта белгисиз бойдон калды.

Жакында Ош облусунда жасалма кыргыз паспорттору менен жүргөн төрт кытай жараны кармалып, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Алардын бирөө өлгөн адамдын документин колдонуп жүргөн. Калган үчөө Ош облусунда жашаган жарандардын ысмына катталган жасалма паспорттор менен жүргөн. Ошондой эле буга чейин Стамбулда терракт жасаган адам менен байланышта болгон деген шек менен кармалгандардан кыргыз паспорттору табылганын түркиялык басма сөз каражаттары жазып чыгышкан. Кыргыз паспорттору бир нече мамлекеттерде крим төбөлдөрдөн, олигархтардан табылган. Грузияда крим төбөлдөрү, казакстандык оппозиционер, банкир Мухтар Аблязов дагы кыргыз паспортун колдонгону белгилүү болгон.

Мамлекеттик каттоо кызматы мындай көрүнүштү токтотуп, чекит коё алабы? Же башка улуттун жарандарына өздүгүн тастыктаган жасалма документтин берилишине үлкөндөр өзүлөрү кызыкдарбы? Паспорт мафиясынын артында кимдер турат жана ал качан жоюлат?

Жасалма  кыргыз  паспорту  жөнүндөгү  маселе  Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлүп, депутат Кенжебек Бокоев паспортторду берүүнү Мамлекеттик каттоо кызматынан Ички иштер министрлигине берүүнү сунуштаганы менен натыйжа болгон жок. Демек, жасалма кыргыз паспорту мындан ары да башка улуттун жарандарына берилбесине эч ким кепил боло албайт.

Акчалууларга  кыргыз  паспортун  жасатып  алуу  кыйынга деле турбасы анык. Анткени паспорт берген мекемелер акчасы барлар үчүн кезексиз, кыска мөөнөттө паспорт даярдаган кызмат көрсөтүшөт.

Ал эми элет тургундары паспортун алмаштырууда жана жашы жетип, паспорт алууда жарандар кыйынчылыктарга туш болот. Паспорт берүүчү мекемелердин кызматкерлеринин кезекте турган жарандарды тейлөөдө текеберчилик, тоготпостук, тааныш-билиштик менен мамиле жасаган учурлары  көп  кездешет.  Улуту кыргыз деген графасы алынган жаңы биометрикалык паспортту алуу үчүн жарандын туруктуу жашаган  жери  башка  аймакта болсо, ал жерден форма 2 деген маалым кат алышы керек. Туруктуу катталган аймактагы паспорт берүүчү мекеме тарабынан ал жаран боюнча маалымат компьютерге киргизилет. Бирок, маалымат айлап-жылдап компьютерге киргизилбегендиктен аны алуу үчүн жаран ошол мекемеге өзү барып, маалым катты алып келүүсүн талап кылышат. Паспорт берген мекемелердеги өз ишин жоопкерчилик менен аткарбаган мындай көрүнүштөр көз жаздымда калып, аларга карата чаралар дээрлик көрүлбөйт.

Жакында эле Баткен облусунда  жашаган  тажик  улутундагы жаран кыргыз паспортун ала албай, союз кезиндеги эски паспорт менен жүргөнүн массалык маа-лымдоо каражаттары көрсөттү.

Ал аксакал өз сөзүндө райондук, облустук паспорт мекемелерине кайрылса, улам бири бирине жөнөтүп, майнап чыкпай жатканын айтты. Акчасы бар крим төбөлдөр, казак банкири, кытай жарандары  кыргыз  паспортун жасатып алса болот да, ал эми өмүр бою Кыргызстанда жашаган, үй-жайы бар карыяга кыргыз паспортунун берилбегени өзү акыйкатсыздык.

Антикоррупция  кызматы паспорт берген мекемелерди дыкат көзөмөлгө алуусу шарт. Анткени 30 же 50 миң сом, мүмкүн андан да көп акча берип, жасалма кыргыз паспортун алуу оңой эле экендигин жогоруда келтирилген фактылар тастыктап турат. Бул ары кооптуу да, ары мамлекет-тин аброюна шек келтире турган маселе. Ошондуктан буга чейин жасалма паспорт менен кармал-гандар  боюнча  маселени  көз жаздымда калтырып, унуткарып коюуга болбойт.