Мейрамбек АХМЕТОВ: «Чемпиондорду тарбиялап чыгаруу – жердин астында жаткан алтынды казып чыгарган сыяктуу»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Жакында эле грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болгон Акжол Махмудовго үй берилгенин угуп, машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго телефон чалып, куттук айттык. Анткени, Акжолдун жеңиши менен кубанычы М.Ахметовдун дагы кубанычы. Устаты менен шакирти ушул күнгө чогуу жол басып келишти…

– Акжол сиздин колуңузга  8-классында  келгенин айтты эле, кандайча машыктырып калдыңыз?

– Шералы Сыдыков атындагы мектепте машыктыруучулар жыл сайын спортко шыгы бар балдарды кабыл алып турабыз. Мындан 6 жыл мурун менин кезегим келип, балдарды тандап алгам. Экзамен тапшырганга 70тей бала келген. Ошонун ичинен 6 баланы тандап алгам. 6 баланын ичинде Акжол дагы бар болчу. Ал сынак тапшыруу учурунда мага аябай жагып калды. Өзүнүн тырышчаактыгын, аракетчилдигин көрсөтө алды. 36 кг. салмактагы арык, кичинекей бала болчу. Эмнегедир, бул баладан бир нерсе чыгарына ошондо эле көзүм жеткен. Көрсө интуициям алдабаптыр. Бүгүн минтип эл керегине жарап, өлкөнүн намысын коргоп, 18 жашында Дүйнө чемпиону болууга жетишти. Буга чейин биздин спортчулардын эч кимиси 18 жашында чемпион болгон эмес.

– Келген жылы эле сиздин ишенген окуучуңуз болгон турбайбы?

– Алгачкы жылдары катардагы балдар сыяктуу эле машыгып  жүрдү.  Беттештерге  катышып, бирде жеңилсе, бирде жеңип келатты. Негизи балдардын потенциалы чоң-чоң мелдештерге  барганда  даана  байкалат.  Акжол  өзүнүн деңгээлин 2016-жылы Грузияга Азия чемпионатына барганда көрсөттү. Ал карышалашын 8:0 эсебинде утуп алып, Кыргызстандын жарык жылдызы катары тааныла баштаган. Мен ошол күндөн тартып, ага өзгөчө мамиле жасап, мурдагыдан эки эсе көп эмгек жумшап, көп убактымды коротуп, талантын таптап баштадым.

–  Өзгөчө  талантка өзгөчө мамиле керек дейсизби?

– Балдарды тарбиялоодо баарын бирдей көрөбүз. Бардыгына бирдей мамиле кылабыз. Келечеги бар, спорт үчүн жаралган балдар өздөрү эле иргелип калат. Алар эртең менен эрте келишет, кечинде кеч кетишет. Андайларды мен эч убакта жолго таштабайм. Мына ошондой тандалган балдар пирамиданын формасындай болгон  тепкичтерди  басып, улам өйдөгө көтөрүлүп турушат. Алдыңкы тепкичке жетип калган балага ошол деңгээлинде мамиле  жасап,  билим  берип, окутуп, үйрөтүп, тынымсыз машыгууларды өткөрүшүң керек. Арттагы балдар аны көрүп өсө беришет.

– Чемпиондорду тарбиялоодо сиз кандай принциптерди колдоносуз?

– Атайын бир принципти кармайм деп деле айтпайм. Болгону өз жумушумду, өз милдетимди так аткарганга аракеттенем. Менде машыгуу учурунда балдарга ышкырып коюп, машыга бергиле деп басып кетүү деген жок. Бир баланы бир беттешке алып чыгаруунун, жеңишке жеткирүүнүн артында канча деген жумуш, канча деген мээнет турганын айрым адамдар түшүнбөшү мүмкүн. Мисалы, мен эртең менен кечинде күн сайын лекция окуйм. Формаларын сактоо керектигин кулактарына куям. Андай жебе, мындай ичпе, убагында уктап, убагында тур, машыгууну өткөрүп ийбе деп жеген тамактарынан тартып ден  соолугуна,  тартибине,  жатаканасына чейин кам көрөсүң. Демөөрчү издейсиң. Мен жада калса өзүмдүн балдарыма мынчалык кам көрбөйм. Алар менен дайыма чогуу жүрбөйсүң да. Кээде жакшы көрүп, уруксат берилбеген тамактарды, таттууларды жеп алышат.  Анын  кесепетинен салмак  кошулуп  калат. Ашыкча машыгып, салмак кууп коебуз деп ойлошот. Бирок,  көбүрөк  машыкса  ашыкча  күч  коротуп, чарчап калышат. Биздин жумуш  ушуга  окшогон майда-барат нерселерден турат.

– Мисалы, 1 кг. салмакты кууш үчүн канча саат машыгыш керек?

– Ар кимдин организми ар кандай да. Кээ бири 1 кг.ды 20 мүнөт машыгып, тер менен чыгарып кууп коюшат. Ал эми 3-4 кг. ташташ үчүн 2-3 саат ашыкча машыгыш керек болот. Натыйжада ал чарчайт. Күрөшөргө келгенде алсыз болуп калат. Ошондуктан, ар бир баланын ой жүгүртүүсүнө, мүнөзүнө жараша жөнөкөй, жакшы сөз менен айтып жеткиресиң. Жеңишке даярдайсың.

–  А  эгерде,  окуучуңуз жеңишке  бир  кадам  калганда,  утулуп  берсе  эмне кыласыз?  Кандай  абалда болосуз?

–Биринчи  кезекте  күнөөнү өзүмдөн издейм. Албетте ойлоном, стресске кабылам. Бирок, балага көрсөтпөгөнгө аракет кылам. Утулдубу, утулду. Анын кетирген катасын айтып, урушуп отуруунун кажети жок. Мен айтпасам деле бала катасын сезет, ал нерседен өзү чоң сабак алат, тажрыйба топтойт. Кийинкиде андай нерсеге жол бербөөгө үйрөнөт. Негизи кандай гана беттеш болбосун, спортчунун машыктыруучусу жанында болгону жакшы. Себеби, бул да өзүнчө күч. Спортчу ким менен өссө, кыйын учурда ошол менен бирге болуш керек. Себеби, беттеш учурунда ага кандай сөз айтып, кандай колдоо көрсөтүүнү жеке машыктыруучудан башка эч ким билбейт жана сезбейт. Жөнөкөй эле мисал, бала апасы менен кетип баратып адашып кетсе, апалап ыйлайт го. Ошол сыяктуу, чогуу машыгып, чогуу даярданып келатып, таймаш учурунда жалгыз калса бир аз кыйынырак болуп калат. Балбан машыктыруучунун жанында болуп, дем берип туруусуна муктаж.

–  Окуучуларыңызды урушкан учурларыңыз болобу?

– Албетте, урушам. Кээде мага калп айтышат. Мен алардын жалган сүйлөп аткандарын билем,  сезем.  Андайда  катуу  айтам.  Илгеркидей  кол  тийгизүү деген жок. Азыр заман да башка,  балдар  да  башка.  Оюмду  көбүнчө  эмоция  менен жеткирем. Окуучуларым туура  кабыл  алып,  кечирим сурашат.

– Сизди өкүндүргөн нерсе эмне?

– Спортчуларга тийиштүү деңгээлде маани берилбегени,  көңүл  бөлүнбөгөнү  абдан өкүндүрөт. Бир ай мурун Акжол эң мыкты жыйынтык көрсөттү. Анын жеңишин баалап, куттуктап койгон аткаминер болгон жок. Ушул нерсеге өзгөчө капа болуп жүргөм. Дагы жакшы, бир айдан кийин болсо да, батир белек кылгандар  табылып,  көңүлүм көтөрүлүп калды. Себеби, Акжол буга чейин батирди ижарага алып жашап келген. 25 миң сом стипендиясын дароо эле жашаган жери үчүн төлөп берчү. “Агай, Түркиядан, Казакстандан чакырып, үй беребиз, жакшы акча төлөйбүз деп жатат, жаш кезде иштеп алайын”, – деп келет. Мен болсо чыркырайм: “Кыргызстанда эле иштейбиз, буюрса үй да болот, башкасы да болот”, – деп.

– Буюрса үй да болду окшойт…

– Ооба, бирок 2011-жылы 21 жашында чемпион болгон Арсен Эралиев деген окуучум бар. Кандай гана мыкты жетишкендиктерге  жетти.  Бирок,  азыркыга чейин ага эч ким үй бере элек. Ал дагы: “Агай, ушинтип эле жүрө беребизби”,-деп айтат. Бир чети алардыкы да туура. Өмүр бир келет. Каалагандай жашап өткүлөрү  келет.  Ал  эми спорттун өмүрү кыска. Балдар кыйын болсо 30 жашка чейин күрөшүшөт. Андан кийин эч кимге кереги жок болуп калышат. Ошондо мага: “Мүмкүнчүлүк болгондо  сиз  мени  чет  элге жибербей койгонсуз, Кыргызстан, өкмөт мага эмне берди”, – деп өкүнүп келишин каалабайм. Ал эми балдар башка мамлекетке кетип калса: “Машыктыруучусу мекенчилдик сезимин ойготкон эмес, тарбиялаган эмес”, – деп мен күнөөлү болуп чыга келем.

–  А  сиз  машыктыруучулу к  менен  канча убактан бери алектенип келатасыз?

–  Жалпы  жонунан  35  жыл болду. Машыктыруучулук – өтө кыйын жумуш. Мен экинчи жолу өмүргө келип, экинчи жолу кесип тандоо керек болсо, ушул эле машыктыруучулукту тандамакмын. Мен үчүн спорт талаасындагы  балдардын  талантын өстүрүп, таптап чыгуу – жердин астында жаткан алтынды казып чыгарган сыяктуу. Алтынды деле казып алгандан кийин тазалап, жууп, чайкап, күч жумшайсың да. Балдарды чемпион кылууда деле ошондой. Таланттуу адам- бул алтын. Ошол таланттарды убагында баалап, колдоп, эл көтөрө билиши керек. Спортчу ал нерседен шыктанат, дагы ийгиликтерди багындырганга аракеттенет. Анын ийгилигин көрүп башкалар үлгү алат.

– Өзүңүз казак экенсиз, Казакстандан  сизге  деле чакыруулар  болуп  турса керек?

– Ооба, мени да чакырышкан.  Андай  сунуштар  азыр  деле  болуп  турат.  Бирок,  мен казак  болгонум  менен  Кыргызстанда  төрөлүп,  өскөм. Мектепти  Бишкектен  бүттүм. Кийин Дене тарбия институтун аяктадым. Ушул жерден нан таап жеп  курсагымды  тойгузуп келатам. Ошондуктан, мен  суу  ичкен  кудугума түкүрө  албайм.  Жашаган жеримди, элимди сата албайм.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

–  Кыргыздын  кызына  баш кошком. Бир уулум, эки кызым жана 5 неберем бар. Балдарым дагы  спортко  кызыгат.  Уулум спорт чебеби, учурда “Газпром” спорт  комлексинде  машыктыруучу болуп иштейт. Бирок, аларды спорт мектебиндеги балдарымды  карагандай  караган жокмун.